Наристени иттин тырмагы менен тытмалаган өгөй атага иш козголду

Наристени иттин тырмагы менен тытмалаган өгөй атага иш козголду

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, Баткен облусунун Кадамжай районунда өгөй ата үч жашар кызды сабап, колунун издерин  жашыруу үчүн иттин тырмактары менен наристенин денесин тытмалаган.

Үч жашар кызын апасы ооруканага оор абалда жеткирип, аларга ит тиштегенин айткан. Врачтар текшерүүдө иттин тырмагынын издеринен тышкары, башка дагы тактар бар экендигин айтып, сураганда, ал кызын күн мурун өгөй атасына таштап кеткендигин айткан. Чындыкты уккандан кийин аял күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазып, анын негизинде өгөй атага кылмыш иш козголду.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.