Ырчы Анжеликанын соту 6-мартта болот

Ырчы Анжеликанын соту 6-мартта болот

Ырчы Анжелика 2007-жылы мектепти бүтүп, өзүнөн 12 жаш улуу Урмат Бекболиевге турмушка чыккан. Экөө 11 жыл жашап, үч кыздуу болушкан.

Сот үч жолу жылды…

Бактылуу жашап жаткан жубайлар эми минтип ажырашуу алдында турат. Өткөн жылы Анжелика ажырашуу боюнча сотко арызын таштап, биринчи соттук процесс 20-декабрында болмок, ага жолдошу келбей калып, 29-январга жылган. 29-январда Анжеликанын келбей калып, сот 21-февралга жылган. Ал күнү судьянын зарыл иши чыгып калгандыгына байланыштуу сот дагы жылып, 6-мартка белгиленген.

“Жолдошум менен чогуу жашабаганыбызга 11 ай болду”

Анжелика ажырашуу боюнча ою күчүндө калганын билдирген. «Жашоодо ката кетирбейм деп эч ким кепилдик бере албайт. Ар бир адамдан катачылык кетет. Жолдошумду коркутуп коеюн деп эле сотко бергем. Башындагыдай жашообуз ордуна келет го деп үмүттөнгөм. Тилекке каршы, биз бири-бирибизди түшүнгөн жокпуз. Жолдошум менен чогуу жашабаганыбызга 11 айдын жүзү болду, кыздарым менен өзүнчө жашап жатам. Кыздарыбызды чогуу тарбиялоого ажырашуу жолтоо болбойт”,-деген ырчы. Ошентип, 6-мартта, Анжелика жолдошу Урмат менен сөз менен эмес, мыйзам жүзүндө ажыраша турган болду.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.