Тазалык текшерүүчүлөрдүн туалети

Тазалык текшерүүчүлөрдүн туалети

Оштогу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дааратканасынын завхозу жана санитаркасы тазалыкты карабагандыгы үчүн сөгүш алгандыгы тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган департаментинин дааратканасынын сүрөттөрү интернетке жарыяланып, катуу сынга алынган. Оштогу кесиптешибиз Ыдырыс Исаков мындай деп жазган:

Оштогу санэпидстанциянын даратканасы! Бул жерге күн сайын ондогон кош бойлуу аялдар анализ тапшырганы жана анализдин корутундусун алганы келишет. Аялдарыбызга, балдарыбызга кылган мамилебиз ушул. Анан ушул мекеме шаардагы башка мекемелердин тазалыгын текшерип, айып салганын кантесиң

Министрликтин басма сөз кызматы бул боюнча мындай деп түшүндүргөн: «Департаменттин дааратканасы эки бөлүктөн турат: бири — кызматкерлер үчүн, экинчиси — сырттан келгендер үчүн. Учурда даараткананын бир бөлүгү гана иштеп жатат. Бир бөлүгү жабылып, ремонт иштери жүрүп жатат”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.