Замира СЫДЫКОВА: “Курал ташуу иштерине баламдын тиешеси жок”

Замира СЫДЫКОВА: “Курал ташуу иштерине баламдын тиешеси жок”

“Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова баласы Теңгиз Сыдыков АКШда кармалганы боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү.

«Кыргызстан жарандарынын АКШда кармалгандардын арасында менин уулум да бар. Уулум менен кошо кармалган Элдар Резвановдун (бул адам Казакстан жараны) Вирджиния штатындагы батири күтүүсүздөн тинтүүгө алынган. Тенгиз Сыдыков полицияга барган учурда, тартип сакчылары аны дагы камап салышкан. Элдар Резванов менен балам бир батирге жашагандыгы чындык, бирок, азыркы учурда уулум ал жакта жашабайт, көчүп кеткен. Полиция баламды шектелүүчү адам менен чогуу жашагандыгынан улам кармап, камады. Ок атуучу куралдарды аткезчилик (контрабанда) жолу менен ташуу иштерине баламдын эч тиешеси жок. Ал IT-компаниясында иштейт. Бул маселе жакын арада чечилип, уулум боштондукка чыгаарына терең ишенем”,-деп билдирди Замира Сыдыкова.

Эскерте кетсек, WJLA.com. басылмасы АКШда жашаган Кыргызстан жарандары Тенгиз Сыдыков менен Элдар Резванов Чечнияга аткезчилик (контрабанда) жол менен курал ташуу боюнча шектелип, кармалгандыгын маалымдаган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.