Мамбеталиевди актап, Салянованы соттогон Воронцова Жогорку сотко барды

Мамбеталиевди актап, Салянованы соттогон Воронцова Жогорку сотко барды

Жогорку сотто алты бош орунга 46 адам арыз берген. Бул талапкерлердин ичинен Сотторду тандоо кеңеши бүгүн алты судьяны тандап алганы белгилүү болду. Алар кимдер? Алар: Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкулов.

Президент кол коюп, парламент колдойбу?

Бул алты талапкердин тизмеси президентке сунушталды. Президент талапкерлерди карап чыккандан кийин, аларды бекитүү үчүн парламентке жөнөтөт. Президент Сооронбай Жээнбеков кол коюп, парламент колдосо, анда эле иштин бүткөнү. Себеби, булардын арасында оппозицияны жалган жалаа менен өкүм чыгарган судьялар бар.

Ирина Воронцова ким?

Ал Атамбаевдин адамы. Атамбаевдин угабында Шаардык сотко 5 жылга бекитилген. Атүгүл Атамбаевдин колунан сыйлык алган. Атамбаевдин жансакчысы Эркин Мамбеталиевди актап, депутат Аида Салянованы ак жерден соттоп жиберген. Аида Саляновага козголгон ишти туура эмес карап, адвокаттардын кагаз жүзүндө көрсөткөн иштерин эске албай, Салянованын өз чындыгын укпай, өз билемдикке салып, өкүм чыгарган судья. Ушундай адам өтүп жатат да…

Аида САЛЯНОВА: “Мындай цирк кимге керек болгон?”

Өкүм жарыялангандан кийин Салянова: “Үч ай биз кимге сүйлөп жатканыбызды да билбей калдым. Үч айдан ашык цирк кимге керек болгон? Адвокаттардын эмгеги кайда кетти? – деп күйүп-бышкан эле. Анынсыңарындай, адвокаттардын эмгеги эске алынбай, эч нерсе каралбай чечим чыккан. Ушундай судьяларды кызматка көтөрмөлөөнүн кажети барбы? Эмнеси болсо да, илгери үмүт менен Жээнбековдун чечимин күтө туралы. Балким, кол койбойт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.