Бүгүн Жээнбековго 100 күн болду. Эмнеси менен эсиңизде калды?

Бүгүн Жээнбековго 100 күн болду. Эмнеси менен эсиңизде калды?

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун ант берип, кызматка киргенине бүгүн (3-мартта) туура жүз күн болду. Мамлекеттик кызматтагылардын айтуучу боюнча, эл, жер, мамлекет үчүн иш кылып жатат. Айрым саясатчылардын айтымында, эч нерсе кыла элек. Алардын айтымында, кадр саясаты аксап жатат, саясат өңүттөн алганда, ал саясий чечкиндүү кадамдарга бара электиги айтылып, сынга алынууда.

А биз билгенден…

Сооронбай Жээнбековдун жүз күндүн ичинде кандай иш кылганын жөнөкөй тил менен айтып берели. Ал эң биринчи эле досу, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди сыйлады, “Кыргыз Эл Баатыры” наамын берди. Андан кийин, алгачкы иш сапары Орусия болду. Анда да Алмазбек Атамбаевдин сыйлыктарын Путинди баш кылып, сыйлык тапшырып келди. Андан кийинки иш сапары Беларуста болду. Биринчи расмий сапарын Өзбекстанга жасады, андан кийин Казакстан менен Тажикстанга барды. Облустарды кыдырып жатат. Жыйын кылган эле жеринде “коррупция менен күрөшөм” деп келатат. Шайлоо алдында да эң биринчи “коррупция менен күрөшөм” деген. А сиздин оюңузча, коррупция менен күрөштүбү? Жүз күн ичинде эмне кылды жана эмне иши менен эсиңизде калды?

Эрзат МЫРЗА

One thought on “Бүгүн Жээнбековго 100 күн болду. Эмнеси менен эсиңизде калды?

  1. Биринчи эле саясий оппоненти Бабановго иш козгоп, Кыргызстанга кайра кирбешине шарт тузду. Ошол эле болду кылган жетишкендиги. Атамбаевди ажолукка ишеним корсотуп, колдогондугу учун эл баатыры деген наам бериши элге кулку гана алып келди.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.