Мыйзамсыз ташылган 24 тонна күйүүчү май кармалды

Мыйзамсыз ташылган 24 тонна күйүүчү май кармалды

Баткен облусундагы Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик менен Тажикстанга киргизилип бараткан жеринен 24 тонна күйүүчү майды кармашты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, күйүүчү майды Тажикстандын эки жараны көзөмөл-өткөрүү бекетинен тышкары жерден алып өтүүгө аракет кылган.

Кармалган тажик жарандарына мамлекеттик чек ара режимин бузганы үчүн айыппул салынып, ал эми күйүүчү май Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын аймактык бөлүгүнө өткөрүлүп берилген.

Кыргызстандан Тажикстанга аткезчилик жол менен күйүүчү май ташылып жатканы жөнүндө буга чейин да айтылып келген.

 Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.