Илмиянов бир топ сайттарды сотко берет экен…

Илмиянов бир топ сайттарды сотко берет экен…

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин шопуру Икрамжан Илмиянов Атамбаевдин бийлигинде таасирлүү кызматтарда отурган. Алсак: президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, президенттин кеңешчиси болгон. Атамбаев бийликтен кетип жатып, аны “Манас” ордени менен сыйлаган. Учурда ал Кыргызстандын Көкбөрү федерациясын жетектейт. Бул эми так маалымат. Так эмес деп айтканы “Ихлас” курулуш компаниясы. Бул боюнча Илмиянов “Азаттык” радиосуна интервью бериптир. “Ихласка” эч кандай тиешем жок. Бул боюнча бир нече сайттар «Илмиянов менен Сатыбалдиевдин «Ихлас» фирмасы беш гектар жерди кантип ээлеп алды?» деген ат коюп алып жазышты. Божомолдоп, «мүмкүн, имиш» деп жазса да мейли эми, бирок бул жерде туура эмес маалыматты «туура» деп жазып коюптур. Минтип жазгандан кийин, анын ичинде далилдерди кошуп жазышы керек эле. Мен муну ушул бойдон калтырбайм”,-дептир.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.