Алмаз АТАМБАЕВ: “Фарид Ниязов партиялык ишмердигин токтотуп, “Апрель” кайрымдуулук фондун жетектейт”

Алмаз АТАМБАЕВ: “Фарид Ниязов партиялык ишмердигин токтотуп, “Апрель” кайрымдуулук фондун жетектейт”

Бүгүн “Ала Арча” резиденциясында экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын депутаттарын кабыл алып, жыйын өткөргөн. Ал жолугушууда суроо-жооп болгон.

Депутат Рыскелди Момбеков жолугушууда Атамбаевден партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовдун партиялык ишмердигин токтотуп, саясий кеңештен чыгарылары боюнча суроо берип, жооп алганын “Азаттыкка” эртең менен айткан. Анда: Алмазбек Шаршенович Фарид Ниязовдун партиялык ишмердигин токтотуп, ал “Апрель” деген кайрымдуулук фондду жетектейт» деп айтты. Анткени жолугушууда мен да эки президенттин ортосундагы араздашуу ошол кишинин айынан болгонун, ал киши аппарат башчы болуп турган учурда фракция менен байланышта кетирген кемчиликтерин айттым. Аны угуп экс-президент партиялык ишмердикти Ниязов токтотоорун билдирди, — деген Р.Момбеков.

КСДП: “Фарид Ниязов саясий кеңештин курамында кала берет”

Аталган партиянын катчылыгы Р.Момбековдун мындай айтуусуна тактоо киргизип,”Азаттыкка” мындай деген: “Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушууда Ниязов партиянын төрага орун басарлыгынын кетери жөнүндө гана айткан. Ниязов саясий кеңештин курамында кала берет”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.