Рыскелди МОМБЕКОВ: “Атамбаев Жээнбековдун кадр саясаты боюнча капачылыгын айтты”

Рыскелди МОМБЕКОВ: “Атамбаев Жээнбековдун кадр саясаты боюнча капачылыгын айтты”

КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев бүгүн “Ала Арча” резиденциясында КСДП фракциясынын 19 депутаты менен бүгүн жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда Атамбаев эч нерсе суранбаганын, эч нерсе айтпаганын аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов айткан эле.

Ал эми аталган фракциянын депутаты Рыскелди Момбеков башкача айтты. Анын айтымында, ачык баарлашуу болгон, ага депутаттар ачуу чындыкты айтышыптыр. Р.Момбеков “Азаттыкка”: “Жыйында Алмазбек Атамбаевдин акыркы Кытайдагы сапары, коомдук саясий абал боюнча талкуу өттү. Атамбаев бүгүн коомдук-саясий абал боюнча өзүнүн пикирин айтты. Биз дагы коомдо болуп жаткан окуялар боюнча ачуу чындыкты айттык. Ошондой эле жыйында экс-президент башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан алынышы тууралуу да айтты. «Жогорку Кеңешке барса болмок же барбаса да арызын жазып берсе болмок» деген пикирин билдирди. Ошондой эле учурдагы президенттин (Сооронбай Жээнбеков жөнүндө сөз болууда – авт.) кадр саясаты боюнча капачылыктары бар экенин айтты. «Биз деле учурунда сиз даярдаган кадрларга капа болуп келгенбиз» деп пикирибизди ортого салдык. Негизинен жолугушууда ачык баарлашуу болду”,- дептир.

Ушинтип анан күйдүрүшөт да. Качан Атамбаевге ачык айтышты эле? Алты жыл аябай жактап, актап, колдоп келишти эле го. КСДП фракциясынын депутаттары аман эле болгулачы…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.