Азыр Сапар Исаков “Апрелге” барып “арманын” төгөт

Азыр Сапар Исаков “Апрелге” барып “арманын” төгөт

Бүгүн Жогорку Кеңеште 102 депутат Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтүп, токтом чыгарып, президент Сооронбай Жээнбековго сунушташкан. Президент дароо Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, премьер-министр, вице-премьер-министрлер, өкмөт мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык өз милдеттерин аткарууну өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Премьер-министрдин милдетин аткарып каткан Сапар Исаков азыр 21:15те “Апрель” телеканалынан “арманын” төгөт. Бул телеканал экс-президент Алмазбек Атамбаев ачканын эми баарыбыз эле билебиз да. Бул каналдын “Жаңылыгы” Сапар Исаковду аябай макташып, ал жерге барып түз эфирден сүйлөөрүн айтышты. «Жаңылыгынан» Сапар Исаковдун ордуна келе турган Мухамбеткалый Абылгазиевди жөөлөп өтүштү.  Кыскасы, Сапар Исаковду угалы, ал эмне дейт?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.