Сапар ИСАКОВ: “Коррупцияга малынбай иштедим, Кудайга миң мертебе ыраазымын”

Сапар ИСАКОВ: “Коррупцияга малынбай иштедим, Кудайга миң мертебе ыраазымын”

Сапар Исаков “Апрель” телеканалында түз эфирде кыргыз, орус тилдеринде маек берүүдө. Анда ар кандай суроолор берилүүдө. Парламент боюнча буларды айтты: “Депутаттар тарабынан кандайдыр бир таптакыр принципсиздик болду. Ар адамда, саясатчыда принцип болушу керек. Эгер саясатчы же партия бир позицияны айтса аягына чейин ошону карманышы керек. Эмне үчүн чукул эле мындай болуп кеткени мага абдан түшүнүксүз болуп калды. Балким катуу айтып аткандырмын, бирок сыягы биздин парламент – Жогорку Кеңеш саясий өлүккө айланып баратат окшойт”.

“Мындан ары боло тургандын баарына президент жооп берет”

Депутаттардын сунушун колдоп, Жарлыкка дароо кол койгон президент Сооронбай Жээнбеков боюнча: “Конституция боюнча ишенбестик көрсөтүлгөндөн кийин президент парламенттин сунушун же колдойт, же четке кагат. Сооронбай Шарипович депутаттарды колдоду. Менимче, эми президент өлкөдөгү бүт жоопкерчиликти өзүнө алды. Мындан ары боло тургандын баарына президент жооп берет. Балким бул жакшыдыр. Убакыт көрсөтөт”,-деди.

“Кудай оозума бекер салган жок, оюн болуп жатат”

“Сооронбай Жээнбеков менен сиздин ортодо тиреш болуп жатабы? Бүгүн депутат Иса Өмүркулов “тиреш болуп жатат”,-деди, буга оюңуз кандай дегенге:Урматтуу депутаттын өзүнүн жеке укугу, жеке оюну. Оюу дейм деп оюну деп атам, чын эле оюн болуп жатабы? Кудай бекер оозума салган жок, оюн болуп жатат”

“Болотбек Турарович ишти тартып кетет”

“УКМК башчысынын орун басарлык кызматынан кетирген Болотбек Сүйүнбаевди Финполдун башчысы кылды. Ошондон улам да кызматтан кетти” деген да кептер кетти. Буга эмне дейсиз?” деген суроого: “Болотбек Тураровичти президент жумуштан алган жок, ал өзүнүн арызы менен иштен кетти. Сооронбай Шарипович аны менен мамилеси жакшы. Болотбек Тураровичтен мен жаман нерсе көргөн жокмун. Буга чейин өзүнүн тажрыйбасы бар болчу, ошон үчүн ушул кызматка алып келдим. Адамды иш берип сынап көрүш керек, аны тартып кетсе жакшы, Болотбек Турарович тартып кетет”,-деди С.Исаков.

Өзүн да таза иштедим деп ойлойт экен. “Мен бул кызматка келгени улуттук кызыкчылыктарды көздөп иштеп келдим, коррупцияга малынбай, мен ошого Кудайга, ата-энеме миң мертебе ыраазымын”,-дейт Исаков.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.