Бүгүн 30-премьер-министр болуп Мухамбеткалый Абылгазиев келет

Бүгүн 30-премьер-министр болуп Мухамбеткалый Абылгазиев келет

Бүгүн, 20-апрелде, парламент кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттүн программасын, структурасын жана курамын карай тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, мындай чечимди төрага Дастанбек Жумабеков кабыл алган. Жыйын саат 09.30да башталат.

Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңешке депутаттар чукул жыйынга чогулуп, шашылыш түрдө Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө токтомун кабыл алып, президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон. Президент Жарлыкка кол коюп, Өкмөттү отставкага кетирген.

КСДП М.Абылгазиевдин талапкерлигин колдоду

Сапар Исаковдун ордуна ким келээрин алдын ала эле депутат Кожобек Рыспаев билдирип койгон. Ал талапкерлердин аты аталып жатканын, анын ичинен Мухамбеткалый Абылгазиев бар экенин, аны колдоорун айткан. Түштөн кийин КСДП фракциясы премьер-министрликке Мухамметкалый Абылгазиевдин талапкерлигин көрсөтүп, аны чакырып алып “суракка” алган. Ал фракция мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп бергени менен жагып, аны бир добуштан колдоп беришкен. Ошентип, азыр Абылгазиевдин талапкерлиги премьер-министрликке көрсөтүлөт.

Талапкердин таржымалы

Талапкер жөнүндө учкай айта кетсек, эр ортону 50ге келген М.Абылгазиев 1968-жылы 20-январда Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында төрөлгөн. К.Скрябин атындагы айыл чарба институтун жана Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин бүтүргөн. 2010-жылдан 2016-жылга чейин Социалдык фондду башкарган. Учурда президенттин аппарат жетекчиси. Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.

Буга чейин 29 премьерлүү болуппуз…

Мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан бери 29 премьерлүү болуппуз. Өзгөчө мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин бийлигинде бир жылда эле аябай орун алмашуулар болуптур. Алардын ичинен 2 күн, 5 күн болуп кеткен премьерлер да, бир эле киши эки жолудан болгондор бар экен. Аларды төмөнкү тизмеден караңыз.

  1. Исанов Насирдин (1991-ж 21- январдан 29-ноябрга чейин)
  2. Иордан Андрей (1991-1992 –ж.ж)
  3. Чынгышев Турсунбек (1992 -1993-ж.ж)
  4. Матубраимов Алманбет (1993 –жылы аз убакыт гана премьер-министрдин милдетин аткарган)
  5. Жумагулов Апас (1993 –1998-жж.)
  6. Жумалиев Кубанычбек (1998-ж 14-марттан 23-декабрга чейин)
  7. Силаев Борис (1998-ж 23-25-декабрга чейин премьер-министрдин милдетин аткарган)
  8. Ибраимов Жумабек (1998-1999-жж)
  9. Силаев Борис (1999 –жылы)
  10. Муралиев Амангелди (1999-жылдын 12-21-апрелге чейин премьер-министрдин милдетин аткарган)
  11. Курманбек Бакиев (1999- 2000-жж)
  12. Танаев Николай (2000 – 2002-жж)
  13. Бакиев Курманбек (2002 – 2005-жж)
  14. Кулов Феликс (2005 –2006 – жж)
  15. Исабеков Азим (2006 -2007-жж)
  16. Атамбаев Алмазбек (2007-ж 29-мартка чейин)
  17. Айдаралиев Искендербек (2007-жылы 29-ноябрдан 24-декабрга чейин)
  18. Чудинов Игорь (2007 –2009-жж)
  19. Үсөнов Данияр (2009-2010-жж)
  20. Отунбаева Роза (2010-жылдын 7-апрелинен 17-декабрга чейин Убактылуу Өкмөттүн төрайымы болгон)
  21. Алмазбек Атамбаев (2010 – 2011-жж)
  22. Бабанов Өмүрбек (2011-жылдын 4 сентябрынан 14-ноябрга чейин премьер-министрдин милдетин аткарган)
  23. Бабанов Өмүрбек (2011-2012-жж)
  24. Карашев Аалы (2012–жылдын 1-сентябрынан 5-сентябрына чейин премьер-министрдин милдетин аткарган)
  25. Сатыбалдиев Жантөрө (2012-2014-жж)
  26. Оторбаев Жоомарт(2014 – 2015-жж)
  27. Сариев Темир (2015-2016-жж)
  28. Жээнбеков Сооронбай (2016-жылдын 13-апрелинен 2017-жылдын 22-августка чейин)
  29. Сапар Исаков (2017-2018-жж).

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.