Атамбаевдин жансакчысы Финпол башчылыгынан кетти

Атамбаевдин жансакчысы Финпол башчылыгынан кетти

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчылыгынан Болот Сүйүмбаев кызматынан бошотулду. Бул кызматка ал экс-премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен 16-апрелде келген. Бул кызматка келгенче ал УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Бул жумушунан 7-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен кеткен.

Б.Сүйүнбаев көп жыл экс-президент Алмазбек Атамбаевге кызмат кылганы, тагырагы, жансакчысы болгонун баары эле жакшы билет. Атамбаев бийликке келгени ал таасирлүү кызматка келип, атүгүл “генерал-майор” болгон. Мындай наамды Атамбаев президенттиктен кетээр алдында тапшырган.

Токтобек ИМАНАЛИЕВ: “Сүйүмбаевдин диплому жасалма эмес»

«Болот Сүйүмбаевдин кесиби — мугалим, болгондо да дене тарбия мугалима. Ал Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 25 жыл окуган» деп айрым сайттар жазып чыкты. Ошого жооппу же кайдан, айтор, аталган академиянын ректору Токтобек Иманалиев Фейсбукка мындай деп жазды:

​- Бул өзү жетим бала экен, биздеги өздүк иши боюнча убагында чоң атасы багып алыптыр. Ошондо чамасы сабакка жетишпеген учурлары болсо керек, окуудан чыгып калыптыр, кайра окуусун жандандырыптыр. Андан кийин да окуудан чыгарылып, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, акыркы жолу, 2012-жылы президенттин аппаратында иштеп жатканда окуусун калыбына келтириптир. Акыркы эки курсун, башкача айтканда 5-6-курстарды «экстерн» менен бүтүрүү боюнча президенттин аппаратынан, министрликтен өтүнүч каттар бар экен. Анан окууну «экстерн» менен бүткөн, окуу китепчесинде баалары турат. Экзамен, зачет алган мугалимдердин баалары турат. Экзамендердеги протоколдор турат. Баары эле жайында. «Диплому жасалма, сатып алды» деген сөздөр чындыкка коошпойт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.