5 жыл өгөй кызын зордуктап келген киши 20 жылга кесилди

5 жыл өгөй кызын зордуктап келген киши 20 жылга кесилди

Өгөй кызын зордуктап жүргөн ата сөрөйдү бүгүн Ош облустук соту 20 жылга кесилип, ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөмөй болду.

Кыздын жакындарынын айтымында, 16 жаштагы кызды өгөй атасы коркутуп-үркүтүп 5 зордуктап келген. Бул окуя окуучу кыз былтыр күзүндө төрөгөндөн кийин ачыкка чыккан. Жабырланган кыз учурда таенесинин колунда, ал эми анын ымыркайы балдар үйүнө тапшырылган.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту кыздын өгөй атасын күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучу сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес. Жабыркаган кыздын жакындары бул чечимге нааразы болуп Ош облустук сотуна даттануу арызы менен кайрылып, айыпталуучуну өмүр бою абакка кесүүнү суранышкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.