Өзгөчө депутат өзгөчө “тост” айтты…

Өзгөчө депутат өзгөчө “тост” айтты…

Өзгөчө дегенибиз депутат Кенжебек Бокоев парламентте башка депутаттардан өзгөчөлөнүп, пайдалуу маселелерди көтөрүп, маанилүү мыйзамдарды жазып келет. Мына бүгүн да өзгөчө куттуктоо айтыптыр… Тагырагы, кыргызстандыктардын бүгүнкү майрамын, Конституциясынын 25 жылдыгын сыймыктануу менен куттуктады. Ал төмөндөгүдөй.

Эгемендик алгандан кийин туура 2 жылдан соң 1993-жылдын 5-майында өлкөнүн жаңы Конституциясы кабыл алынган. Ал Конституциянын негизинде күчтүү президент, бир жагынан чечүүчү ролго ээ болгон парламент болуп бийликтин тең салмактуулугу сакталып турган. Баш мыйзам көп жолу өзгөрсө да, бирок анда белгиленгендей адам укугу жана эркиндиги биздин негизги баалуулук болуп сакталып келет.

Конституцияны баарыбыз сыйлашыбыз абзел, эгерде биз баарынан мурда мыйзамдын үстөмдүгүн орното алсак, андан ары тартип сакталып туруктуу өнүгүүгө карай багыт алабыз. Баш мыйзам кыргыз элинин эркин мүнөзүнө, улуттук намысына шайкеш келип, ата-бабалардын көөнөргүс мурасын жандантып жана байытууга, жарандарыбыздын жаратман жана чыгармачыл ишине демөөр болушу керек.

Жалпы элибизди май айындагы жаркын майрамдардын келиши менен куттуктайм, өлкөбүздө мыйзамдын үстөмдүгү орношун жана тартип, тынчтык болуусун каалайм!”,-дейт Кенжебек Бокоев.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.