Журналистке кол көтөргөн «Бета-Сторес-2” кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Журналистке кол көтөргөн «Бета-Сторес-2” кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы ММКга билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, Бишкектеги «Бета-Сторес 2» соода борборунун үч кызматкери «Апрель» телеканалынын операторуна кол көтөрүп, видеокамерасын, флеш-картасын тартып алган. Бул окуя тууралуу оператор милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, аталган борбордон мөөнөтү өтүп кеткен азыкты сатып алып, камерага тартып жатканда, ал жердеги күзөт кызматкерлери менен түрк жарандары келип, өздөрүн «соода борбордун ээлери» деп, дароо кабарчы менен операторлорду жерге жыгып, камераларын күч менен тартып алган. Оператордун арызынын негизинде үч кызматкер (алардын бири түрк жараны) убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кылмыш-жаза кодексинин 167 («Тоноо»), 234 («Бейбаштык») беренелери боюнча кылмыш иш козголгон. Учурда иликтөө уланып жатат.

“Жаманды коногу бийлейт” деген ушу да. Кыргызстанда жашап, иштеп, гипермаркет ачып, соодасын кылып атып да, болгондо да журналисттерге кол көтөрүп жатат. Анда эмнеге мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктү сатышат? Азык алаарда мөөнөтүн карап алып жүрүңүздөр. Сиздерге кол көтөрсө, оператордой болуп милицияга арыз жазыңыздар. Өз укугуңузду биле жүрүңүз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.