Өз баласынан тепки жеген ата оор абалда ооруканада…

Өз баласынан тепки жеген ата оор абалда ооруканада…

Бул тууралуу Ысык Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына таянсак,  бул окуя Түп районундагы Корумду айылында болгон.  Ошол айылдын тургуну, 1994-жылы төрөлгөн Н.А., аттуу бала өз атасына (1969-жылы туулган Т.М.) кол көтөрүп, өлөөрчө сабаган. Баласынан тепки жеген жабырлауунучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ага үч сааттан ашык операция жасалган.

Бул боюнча милиция баланы кармап, тергөө жүргүзүп, суракка алганда, ал жаңжал кайым айтышуудан келип чыкканын айткан. Укук коргоо органдарынын билдирүүсүнө караганда, анын атасы көптөн бери арак ичип, үй-бүлөсүнө жардам бербегендигинен кайым айтышуу болуп, жаңжал чыгып, аягы тепки менен аяктаган. Атасын сабаган бала сопсоо болгон. Ал милицияга эч жакка кетпөө тил катын жазып берип, ошонун негизинде камактан бошотулган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.