Атамбаевдин жансакчысын актаган, кара тизмеге кирген сот Воронцова жөнүндө президентке кайрылуу жөнөтүлдү

Атамбаевдин жансакчысын актаган, кара тизмеге кирген сот Воронцова жөнүндө президентке кайрылуу жөнөтүлдү

Беш укук коргоочу: Ошурахунова Динара, Сооронкулова Клара, Джурабаева Гүлнара, Карасартова Рита, Сасыкбаева Асия, Абдрасулова Азиза Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцованын Жогорку соттун судьялыгына талапкерлигин көргөзүп жатканына нааразы болуп, президент Сооронбай Жээнбековго 6 беттин турган кайрылуу жөнөтүштү. Ал кайрылуу боюнча “Азаттыкка” Д.Ошурахунова кыскача мындай деген:

— Жогорку сотко өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн соттор чыгып жатат. Анын ичинде саясий чечимдерди чыгарган соттор да бар экен. Ошондуктан биз кайрылуу жазып жатабыз. Воронцованы биз эчак эле билебиз. Анын ишине да 2008-жылдан бери күбө болуп келгенбиз. Ал Бакиевдин учурунда эле ушундай саясий чечимдерди кабыл алып келген. Апрель революциясынан кийин биз мындай соттор сот системасына келбейт го деп ойлогонбуз. Бирок тилекке каршы, ошол эле соттор кайрадан олтуруп алып, азыркы жана мурдагы бийликке өзүнүн ишин жасап жатат. Президент Жээнбеков «биз сотторду тазалоо процессин баштайбыз» дегени үчүн биз үмүттөнүп, кайрылуубузду жөнөттүк.

Воронцова кара тизмеде

Эскерте кетсек, буга чейин адвокаттар жана жарандык активисттер паракор, адилетсиз жана мыйзамга каршы иштеген соттордун кара тизмесин (кара тизмеге киргендер: Момуналиев, Токтомамбетов, Архарова, Келбекова, Абдуллаев, Оморова, Калыбаев, Толубаева, Ваджиева, Скрипкина, Бейсекеев, Кудайбергенов, Ильясова, Исакова, Пульманова, Асанбаева, Үмөталиева, Сатыбалдиева, Асанова, Баатыралиев, Мельникова, Жумагулов, Воронцова, Эрнис Айбек уулу, Алымкулов ав- авт.) түзүшкөн, ал тизмеде Бишкек шаардык соттун төрайымы Ирина Воронцова да бар. Ошондой эле И. Воронцова мурдагы депутат Аида Салянованын ишин караган соттор коллегиясында да жетекчилик кылып келып, туура эмес чечим чыгарган. Мындай чечимге эл нааразы болуп, соттон кетишин талап кылышкан.

Бүгүн Аида Салянованын соту болот

Бүгүн Жогорку Сотто экс-депутат Аида Салянованын соту уланат. Өткөн соттук отурумдун жүрүшүндө прокурор А.Салянованын айыбын угузуп, буга чейинки райондук, шаардык соттордун чечимдерин күчүндө калтырууну суранган. Андан кийин айыпталуучунун адвокаты Чынара Жакупбекова сөз сүйлөп, прокурордун суранычын четке кагып, соттук териштирүүдө, иликтөөдө Аида Салянованын айыбы далилденбегенин баса белгилеген. Соңунда Аида Саляновага сөз берилип, жарыш сөзүн сүйлөгөн. Салянова да өзүнө коюлган айыпты четке кагып, айыбы далилденбегенин, Жогорку сот адилеттүүлүк, калыстык менен карап, туура чечим чыгараарына ишеним артаарын айткан. Биз дагы үмүт артып, бүгүн А.Салянова акталып кетет деген терең ишенимдебиз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.