“Жер алып берем” деп алдаган партиянын лидери кармалды

“Жер алып берем” деп алдаган партиянын лидери кармалды

Бишкекте милиция кызматкерлери «Жаңы мезгил» саясий партиясынын лидери Рита Сулайманованы кармашканы тууралуу «24.kg» агенттигине билдиришкен. Алардын айтымына караганда, бир аял милицияга арыз менен кайрылган. Арызда «Жаңы мезгил» мигранттар, үй куруучулар партиясынын лидери анын кассына 24 миң сом салса, ага жер аянтын бөлүп бере тургандыгын айткан. Тилекке каршы, алданып калган. Жыйынтыгында, (2017-жылдын февралынан бери) же жерден жок, же акчадан жок калган. Кийин арыз жазууга аргасыз болгон. Ошол арыздын негизинде аталган партиянын башчысы Рита Сулайманованы милициялар кармап, камакка алып, кылмыш ишин козгошкон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.