Салянованын тарапташтары Жээнбековго ишенбей калгандарын айтышты (ВИДЕО)

Салянованын тарапташтары Жээнбековго ишенбей калгандарын айтышты (ВИДЕО)

Экс-депутат Аида Салянованын сот отуруму кечээ Жогорку Сотто болуп, өкүм чыгып, Ленин райондук жана Бишкек шаар сотунун чечимдерин күчүндө калтырган. Ал жерге агылып келген эл, туугандары, тарапташтары нааразы болуп, сотко наалат, каргыш айтышты. Дагы эле болсо соттун башында Атамбаев турарын баса белгилешти. Анткени, буга чейин Аида Саляновага Атамбаев буйрук бергени айтылып келген жана айтылууда. «Жаңы бийлик келди, жаңыча чечилет» деп сотко үмүт кылып келишкен.

Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров да өтө капаланып, «Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева отставкага кетпесе, Атамбаевдин учурундагыдай чечим чыга берет. Саляновага туура эмес чечим чыкты. Президентке ишенгем, эми ишенбейм жана президент катары эсептебейм!»,-деди. Чынында эле туура эмес чечим чыкты. Себеби, Аида Жеңишбековнанын актыгын адвокаттары кагаз жүзүндө далилдеп берген. Факты менен көрсөтүлгөн кагаз көз жаздымда калды. 

Тууган, тарапташтарынын айткандарын төмөнкү ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот!

«Президент Сооронбай Жээнбековго эми ишенбейбиз!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.