Кыргыз, орус, англис, поляк, хинди тилдеринде эркин сүйлөгөн мекендешибиз учурда Индиянын Хайдарабад шаарында жашап жатат. Ал Османия университетинде Бизнес жана коммерция колледжинде Менеджмент боюнча докторантурада диссертациясын жактоого барган. Гүлзат айым ал жакка баргандан бери Интернет аркылуу ал жактын жашоосун сурап, маектешип келебиз. Бу жолку маегибиз: акыркы коңгуроо, орозо кармоо, мугалим, врачтардын айлыгы, бай-кедей, кайырчылардын жашоосу боюнча болду.
— Гүлзат айым, бүгүн бизде акыркы коңгуроо. Ал жакта дагы акыркы коңгуроо болот бекен?
— Бүгүн биздин мамлекетибизде, деги эле мурдагы СССР элдеринде акыркы коңгуроо. Индияда мектептер 25-апрелден 1-июнга чейин каникулга тарашат.
— Себеп?
— Себеби, апрелдин ортосунан июнга чейин Индияда эң ысык мезгил. Окуучулар эмес, мугалимдер да ысыктан сабак өтө албай калышат. Ошондон улам, 25-апрелден тартып, мектеп окуучулары эс алууга чыгат. Акыркы коңгуроо эмес, бирок, ошол сыяктуу шан-шөөкөт менен жылдын аягында майрамдап, бүтүрүшөт. Кыргызстан өлкөбүздө окуучулар 3 ай эс алышса, бул жактагылар 1,5 ай гана каникулда болушат. Бул жакта мектептин директору жана мугалимдери күн сайын сабак баштаардан мурда, окуучулар менен чогуу Кудайга сыйынуу жана ыраазычылык билдирүү (атайын пуджа) менен башташат. Сабак бүткөндөн кийин, Гимнин ырдап, анан коштошушат.
— Бир класста канча окуучу окуйт? Мектеп жетиштүүбү?
— Бала бакча, мектеп жетиштүү эмес. Бир класста 40-45 окуучу окуйт. Парталарда окуучулар бири-бирине жабышып отурушат. Бирок, абдан тартиптүү. Индиялыктар улууга урмат, кичүүгө ызаат кылган, мугалимге каяша айтпаган тартипте тарбияланышкан. Бардык окуучулар Кудайга сыйынышат. Сабактар саат 7.30-16.00го чейин болот. Бала бакчага 1 жаш, эки айдан баштап эле бара башташат.
— Канча балалуу болушат? Биздей Баатыр энелер барбы?
— Бул жакта, мыйзам боюнча, көп балалуу болуу жагынан энелердин мүмкүнчүлүгү чектелген. Тагырагы, мамлекет 2 балалуу болуу программасын киргизген, атайын пособиелер да эки балага гана берилет. Эгер андан көп болсо, анда мамлекет каржылабайт. Индуизмди кармангандар 1-2 балалуу болушат. Ал эми мусулман үй-бүлөлөрдө жетиден он балага чейин төрөлөт. Баатыр энелер көп.
— Кыздары канча жашында турмушка чыгат экен?
— Кыздар 13-15 жаштан эле күйөөгө чыгышат.
— Мусулман үй-бүлө деп калдың. Азыр Рамазан айы, орозо кармашат бекен? Сенчи?
— Ооба, орозо кармоодомун, он жылдан бери кармап келе жатам. Мен жашап жаткан шаарда мусулман калкы көп. Орозо кармашат. Негизи менин жашаган жерим Зам Зам мечитинин жанында. Эртең менен саат 03:15де атайын сигнал берип ойготушат. 04:15де ооз бекитүү, 04:30да азан айтылат. Ар аптада (ифтарга) ооз ачууга мечитке дасторкон жайылат. Биринчи күндөрү бир аз коркуп жүрдүм. Азыр жакшы эле, көнүп калдым. Рамазан айы — Куран окуганга, куран тилин үйрөнгөнгө, Мухаммад пайгамбардын хадистерин укканга, ички дүйнөбүздү жаңылап, ыйманыбызды тазартканга аракет кылган учур. Университетибизде Араб мамлекеттеринен келген курсташтарыбыздын бири — Абу Даби шаарынан келген Эмир Хатем аттуу мырза Куран аяттарынын мааниси, пайгамбарлардын жашоосунан кызыктуу окуяларды айтып берип, атайын сабак өткөрүп жатат.
— Аба ырайы кандай, температура канчага жетүүдө? Ысык болсо, кечке чейин суусап калуудасыңбы?
— Аба ырайы абдан ысык, температура 40 градуска чейин жетүүдө. Ошондон улам, эшикте көп жүрө албайсың. Таңкы саат 04:15тен кечки саат 18:50го чейин ооз бек. Ифтарда (ооз ачканда) суу ушунчалык таттуу даамдуу экенин нак сезип, суунун баркын абдан жакшы түшүнөсүң.
— Жаз мезгилинин акыркы айы. Ал жакта жаз кандай болот экен?
— Бул жакта негизи эки эле сезон болот: жай жана муссондук жаан сезону. Индияда салкын учур — бул октябрдын аягынан баштап, февралга чейин (+23+25). “Абдан суук, суук тийип калды” деп калкы кейип, грипп болуп, эли көп сыркоологон учур десем жаңылышпайм. Февралдан баштап жаз келди деп эсептелинет. Күн ысык болуп баштайт. Февраль, март айларында орточо температура: +23+27. Апрель, май айлары өзгөчө ысык, жай мезгили. Азыр майдын аягына чейин, кыргызча айтканда, жайдын чилдеси +40+43 градус болууда, кээде андан да жогору болот.
— Жашылча отургузуп, жер-жемиш айдашабы?
— Ооба. Төрт сезон тең түшүм алып турушат. Ар дайым жер-жемиштер менен алек. Февралдан июнга чейин жер-жемиштин арзан учуру. Аптанын бир күнүндө атайын жер-жемиштер базары болот. Фермерлер келип өзүнүн продукцияларын сатышат. Май айы — мангонун сезону. Көчөдө манго саткан соодагерлер жайнап, элдер манго жеп калат. Андан тышкары, кокос, банан, апельсин, мандариндер да жайнайт. Күнүгө банан жейбиз. Кокос ширесин ичсе абдан ден соолукка пайдалуу экен.
— Кайсы тамакка жакын болушат экен?
— Негизи индиялыктар специяларды, карри, жинжер жана ушул сыяктуу чөп-чарларды жакшы көрүшөт жана тамактарына кошуп жешет.
— Кайсы жемиш жокко эсе?
— Алма, абрикос деген биздин жемиштер жокко эсе. Алма абдан кымбат. Бир килограммы биздин акча менен айтканда -180-250 сом. Мен негизи өзүм алманы абдан жакшы көрөм, биздин алмаларды сагындым.
— Мал кармашабы?
— Ооба. Көчөдө уйлар сейилдеп жүрө берет.
— Көчө демекчи, кинодон көргөндөй, көчөдө жашап, уктагандар барбы? Бай, кедей болсо керек?
— Бай, кедейлер бар. Индия бул контрасттуу мамлекет. Бир жагынан кооз жаңы хай-тек имараттар, ошол эле учурда, көчөнүн ары жагында кедей-кембагал, кайыр сурагандар көп. Кедейлердин саны көбүрөөк. Айылда тургандардын абалы абдан оор. Таза суу жок. Бир эле бөлмөдө 7-8 киши чогуу жашайт. Байлардын үйлөрү 4-5 кабаттан турат, анда бир эле үй-бүлө жашашат. Мисалы, Болливуд жылдызы, атактуу актриса Хема Малининин (“Зита жана Гита” киносунда эгиздердин ролун аткарган актриса) үйү 8 кабат. Ал эми Шакрукх Кхандыкы Маннат деген атайын сарай. Ал Ала Мумбайда жашайт. Байлар жашаган райондору тынч, тазараак келет. Ал эми кедейлери көчөдө, чатырларда жашап, жата беришет. Тарыхына бир аз кайрыла кетсем, биз жашаган шаар Хайдарабадда мурда Низам шахтын хандыгы болуптур. Низам шахтын учурунда хан сарайлары жана атайын резиденциялары болгон. Османия университетинин жолунун бир чети дагы деле джунгли токойлору, 100дөн ашуун гектар жерди ээлейт. Бриллиант, ак бермет ушул жерден чыкчу экен. Индиянын эң бай жери болуп биринчилерден Улуу Британия менен алака түзүп, 1967-жылы бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болобуз дегенге чейин барышыптыр. Индиянын бюджетинин жарымынан көбү Хайдарабад шаары, Телангана штаты түзгөн.
— Саясатка кандай карашат: нааразычылык акция, митингдер болобу?
— Ооба, саясый митингдер болот. Көз карандысыздык үчүн акциялар болуп турат.
— Күн ысык болсо, акцияга чыккандар жыгылып, ооруканага түшүп калбайбы?
— Ысыкты көтөрө албагандар бар. Жаан –чачын мезгилинде, өзгөчө кырдаалдар болуп калганда ооруканага түшкөндөр абдан көп болот.
— Оорукана жетиштүүбү? Укол, дары-дармек кымбатпы?
— Мамлекеттик ооруканалар жана менчик ооруканалар бар. Абдан көп. Жеке менчик ооруканалар абдан кымбат. Мамлекеттик ооруканалар арзаныраак. Дары-дармек кымбат деле эмес. Бирок операциялар кымбат. Негизи Индияда медицина, фармацевтика өнүккөн.
— Врачтардын маянасы кандай?
— Мугалим, врачтардын маянасы абдан жакшы. Мисалы университеттин мугалимдеринин 1 айлык акысы – 60 000 рупийден 1500 000 рупийге чейин. Врачтардын айлыгы абдан жогору — 200 000ден ашык. Ошондуктан бул жакта бардыгы медициналык колледжди бүтүрүүгө аракет кылышат. Андан тышкары, социалдык каржылоо, пособиелер жана пенсиялар мугалимдер менен врачтар үчүн каралган.
— Соңку суроо. Сенин кыргыз экениңди билип калышты да. Эне тилибизге кызыгышабы?
— Кыргыз тилине жана кыргыз жерине кызыккандар бар. Бирок, орус тилине кызыгуу талабы абдан чоң.
Маектешкен Назира ЖАКШЫЛЫКОВА