ЖЭБ боюнча Жантөрө Сатыбалдиев УКМКга чакырылдыбы?

ЖЭБ боюнча Жантөрө Сатыбалдиев УКМКга чакырылдыбы?

ЖЭБ чыры боюнча мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен мурдагы финансы министри Ольга Лаврова суракка бүгүн УКМКга чакырылганы маалым болду. Бул тууралуу бир катар ММКлар жазып чыкты.

Эскертек кетсек, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты депутаттык комиссия иликтеп чыккан. Алардын корутундусунда бул ишке тиешеси бар катары 30дай адамдын аты жарыяланган. Алар: Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Ольга Лаврова, Мирлан Байгөнчөков, Темир Сариев, Санжар Муканбетов, Эрлан Абдылдаев. Ошондой эле “Улуттук энергохолдинг”, “Электр станциялары” ишканаларынын жетекчилеринин аты-жөнү айтылган. Бул тизмеге киргендерден “Энергохолдингдин” мурдагы башчысы Айбек Калиев, Жалал-Абаддын экс-мэри Салайдин Авазов, «Электр станцияларынын» башчысы жана орун басарлары, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.