Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз түштү

Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз түштү

Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кишиси, оң колу Икрамжан Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз түшкөнү боюнча адвокат Искен Афиджанов Фейсбуктагы баракчасына жазып, арызды жайгаштырды.

Анын айтымында, арыз ээси, сүрөтчү Азамат Жаналиевдин коллекция портреттерин И.Илмиянов өз кызматынан пайдаланып, алып кеткен. Тагырагы, ал А. Атамбаевдин портретин 10 000 $ долларга сатып алгысы келген, бирок, $ 2,5 долларды гана төлөгөн. Калган акчаны Дубайда калган сүрөттөрдү сатуудан түшкөн сумма менен, кийинчерээк төлөп берүүгө убада кылган. Жыйынтыгында,  акча да, портрет да жок. $52500 долларга чыгым болгон. Айласы кеткен Азамат Жаналиев УКМКга арыз жазган.

Азамат Жаналиев кечээ эскерткен

Сүрөтчү Азамат Жаналиев кечээ Фейсбуктагы баракчасына: “Бул акем менин кайрылуума жооп берген жок. Эми өзүмдүн тапкан мээнетимди кайтарып алыш үчүн мен өйдө жака арыз менен кайрылам. Адилетүүлүк болот деп ишенем.
Мага: Принц Хамдандын өкүлү келип сүрөтүңдү алып кетти, принц менин сүрөттөрүмдү көрүп мени чакырууну талап кылган-деген маалымат келген. Көрсө жөн эле мени алдашкан экен. Кыскача айтканда бул акем менин Дубайдагы коллекциондук сүрөттөрүмдү өз кызыкчылыгында Генконсулдан алып чыгып, өзүнүн долбоорунун негизинде берген
”,- деп жазган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.