Илмиянов апасын дарылатып Москвада жүргөнү маалым болду

Илмиянов апасын дарылатып Москвада жүргөнү маалым болду

Буга чейин “айтылуу” И.Илмияновдун кайда экенин ар ким ар кандай айтып жүргөн: “бири – Америкада десе, экинчиси — Сауд Аравиясында”,- дешкен. Ал эми КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева болсо: “Икрамжан Илмиянов умрадан келди, азыр Кыргызстанда”,-деген. Бүгүн болсо Илмияновдун жакындары Москвада жүргөнүн, Орусияга апасын дарылатуу үчүн кеткенин “Азаттыкка” билдирген.

Кечээ, 20-июнда, сүрөтчү Азамат Жаналиев И.Илмияновдун үстүнөн УКМКга арыз менен кайрылган. Анда ал ага Атамбаевдин сүрөтүн 10 миң долларга сатканын, ал учурда 2500 доллар берип, кийин калганын берерин айтып, «калган акчаны бербей, алдап кетти» деп айыптаган. КСДП бул боюнча билдирүү таратып, сүрөт алгач алардын кеңсесине белекке ташталганын, кийин үй-бүлөлүк шартына байланыштуу акча сурап барганда, ал 2,5 миң доллар бергенин, болгону ушул гана суммага бааланганын, эгер ага нааразы болсо, анда Илмиянов сүрөттү кайтарып берүүгө даяр экени жазылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.