Жапаровдун иши Чудинов менен чырмалышкан…

Жапаровдун иши Чудинов менен чырмалышкан…

Мурдагы Экономика министри, азыркы “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров «Азаттыкка» берген маегинде суракта жүргөнүн айтты. Анын айтымында, ага козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланууда, үч жолу сурак берген. Бирок, ал өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп эсептейт. «Азыр тергөө жүрүп жатат. Мени үч жолу чакырышты. Мен алып барган документтеримди көрсөттүм. Аларды аныктаганга аракет кылам«,-дейт А.Жапаров.

Чудинов мандатынан ажыраган

Эскерте кетсек, «Бир бол» фракциясынын депутаттары Игорь Чудиновго, Акылбек Жапаровго былтыр 29-майда, «Коррупция» беренеси боюнча иш козголгон. Тергөөнүн маалыматына таянсак, алар 2009-жылы, андагы премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен Экономиканы өнүктүрүү фондунан «Машина сыноочу станцияга» 200 миллион сом насыя бөлүнгөн. Ал учурда ишкананын акцияларында Чудиновдун кайненесинин жана ал учурдагы Экономика министри Акылбек Жапаровдун жубайынын үлүшү болгон. Келишим боюнча, «Машина сыноочу станция» ишканасы мамлекеттен бөлүнгөн насыяны 2012-жылы кайтарып бериши керек болчу. Бирок, Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү фонду аталган насыяны төлөө мөөнөтүн эки жолу мыйзамсыз узарткан жана анда аталган жетекчилер өз кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталган.

Бул боюнча Чудинов сотто суралып, айыпталган. Ошонун негизинде, мындан туптуура бир ай мурун, 14-июнда, БШК Игорь Чудиновду депутаттык мандаттан ажыраткан. И.Чудинов күнөөсү жоктугун айткан. А.Жапаров болсо суралып жүргөнүн жогоруда уктуңуздар, “күнөөм жок аны тастыктайм” деп атат. Акталабы же жоопко тартылабы, аны бир Кудай гана билет.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.