Акыйкатчы болууга Рита Карасартова татыктуубу же Токтайым Үмөталиевабы?

Акыйкатчы болууга Рита Карасартова татыктуубу же Токтайым Үмөталиевабы?

Кубат Оторбаев Акыйкатчылык кызматынан өз каалоосу менен кеткенден бери бул кызматка да талапкерлердин аты аталууда. Болгон укук коргоочулардын аты айтылууда: Рита Карасартова, Токтайым Үмөталиева, Динара Ошурахунова, Азиза Абдырасулова. Токтайым Үмөталиева өзү унчуккан жок, бирок, Фейсбукта «татыктуу айым» деп акция жүрүүдө. Ал эми Рита Карасартова талапкерлигин көрсөткөнүн, документтерин тапшырганын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Мен өзүмдүн документтеримди чогултуп, Жогорку Кеңештеги алты фракциянын катчылыгына ташпырдым. Фракциялардын кайсынысы менин талапкерлигимди жактырса, ошону менен чыгууга даярмын. Мыйзам боюнча, эгер акыйкатчы өз арызы менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынса, бир айдын ичинде Жогорку Кеңеш жаңы акыйкатчыны шайлоосу керек. Демек, парламент кезексиз отурумга чогулууга тийиш”,-деп жазып, өмүр баянына да баракчасына үзүндү койду. Ал төмөндөгүдөй:

“Өмүр баяндан бир үзүндү. 1996-2011-жж. Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университетинде окутуучу, улуу окутуучу, доцент болуп эмгектенгем. 2011-жылдан азыркы күнгө чейин “Коомдук иликтөө институту” аттуу Коомдук бирикме түзүп, сот реформасына көзөмөл кылабыз, жергиликтүү бийликке укуктук жардам беребиз, чыр-чатактарды чечишебиз деп, укук коргоо тармагында алектенип келем.
Ишибиз кийинки багыттардан турат: 1. Сот реформасына байкоо жүргүзүү жана анын жыйынтыгын сайт аркылуу таркатуу – www.koom.kg Сот системасында эмне болсо дагы, биздин сайттан табып алса болот. 2. Экинчи багыт менин илимий ишимден чыккан, диссертацияны жергиликтүү бийликтин бюджеттик маселеси боюнча жактагам, ошондон бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына укуктук жардам көрсөтүп келебиз — www.msu.kg. Айткан нерсебиз, анализ кылган иштерибиз баарына таркасын деп, жергиликтүү бийлик үчүн атайын сайт ачып, аларга онлайн укуктук жардам берип турабыз. Айыл аймактарда иштеп чыр-чатактарды көрүп, сот реформасын көзөмөлдөп жатып жалаң чыр-чатактын үстүндө жүрүп, ушул нерседен кантип айрылабыз деп, үчүнчү багытты өздөштүрүп, азыр сайт аркылуу чыр-чактарды жана талашууларды чечүүнүн башка жолу бар экенин даңазалап жүрөбүз”.

Рита Карасартова чыны татыктуу айым. Жогорку билимдүү, ишбилги, чыныгы укук коргоочу. Рита айымды жөнөкөй адамдан саясатчыларга чейин колдогондор арбын. Ийгилик каалайбыз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.