Арстан Алайдын премьер-министр болушун каалайсызбы?

Арстан Алайдын премьер-министр болушун каалайсызбы?

Учурда премьер-министр М.Абылгазиевди кызматтан кетирүү акциясы социалдык тармактарда кызуу жүрүүдө. Ар ким өздөрүнүн жактырган саясатчысынын атын атап, сүрөтүн коюп, мактоодо… Мисалы, “Фейсбук” колдонуучу Кутман Батырбеков аттуу адам өзүнүн баракчасына президенттикке талапкер болгон Арстан Алай жөнүндө жазды. Ал төмөндө.

Касиеттүү Арстан Алайдан илим алган  Rano Arapova деген кыздын түшүндө депутаттар Арстан Алайды премьер-министр кылып шайлап жатыптыр. Эгерде Ранонун түшү туш болсо, анда премьер-министр Арстан-Алай Абдылдаев болот.
Арстан Алай Абдылдаев чындыгында премьер-министрликке татыктуу инсан.
Азыркы депутаттарга караганда алда канча бийик турат. Чыныгы патриот! Кыргызды «кор болбосун, кул болбосун» деп, кыргыз үчүн күйүп, эл үчүн кызмат кылып жатат… «Касиетиң болбосо, байлыгың да, бийлигиң да жараксыз», «каражат менен иш бүтпөйт, касиет менен иш бүтөт»,- дегендей, Арстан Алай бийликке барса, бир күндө өзгөрүү болооруна ишенем. Себеби, азыркы учурда бийлиги жок эле кенедей эфирден (Next tv. 2-4-күндөрү кечки саат 8де) элдин аң-сезимин өстүрүп, канчалаган адамдарды оору-сыркоосунан, кырсык-кыйынчылыгынан куткарып жатат. Демек, касиеттүү Арстан Алай элди азыркы туңгуюктан чыгарып кете алат”,-дейт К.Батырбеков.

А сиз Арстан Алайдын премьер-министр болушун каалайсызбы?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Арстан Алайдын премьер-министр болушун каалайсызбы?

  1. Ооба, премьер министр болушун каалайм. » Премьер министр болсун!». Кыргызстанда чоң өзгөрүү болот. Бул кээ бирине жакпашы мүмкүн.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.