Аида Салянованы 26-июнга чейин камакта калтырышты

Аида Салянованы 26-июнга чейин камакта калтырышты

Бүгүн, 5-июнда, Орозо айтта, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралып, 26-июнга чейин камакта кармоо чечими чыкты. Сот жараянга жактоочусунан башка эч ким киргизилген эмес. Ошентип, арыдан бери чечим чыгара калышты, баягы эле «күнкарама» соттор… Бул эмне деген бийлик? Кичинекей кызы эмне болот? Ден соолугу эмне болот? Ооруп турганда камашты. Кичинекей баласы жок  тиешеси бар адамдарды үй камагына чыгарып жиберишти эле.  Нак тиешеси бар адамдар болсо боштондукта жүрөт. Акыйкат, калыстык деген кайда?

Эскерте кетсек, мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган. Салянованын бөгөт чарасы каралышын күтүп жакындары эки күн соттун имаратынын алдында турушкан. Дагы эле ишенбей турушат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.