Эртеден бери калкты күттүргөн сот айттап кеткенби же элди шылдыңдап атабы?

Эртеден бери калкты күттүргөн сот айттап кеткенби же элди шылдыңдап атабы?

Исанов-Москва кесилишинде жайгашкан Биринчи Май райондук соту эртең мененки саат 10дон азыркыга чейин (саат 16:40) Аида Салянованын баш коргоо чарасын карабай, апасын, туугандарын, тарапташтарын зарыктырып күттүрүүдө. Алар кечээ да ушинтип күттүргөн эле. Бүгүн да Кудайдын улуу күнүндө, Орозо айтта, минтип элдин кыжырына тийүүдө.

“Салянованы эле эмес, элди, журналисттерди шылдыңдап жатат”

Аида Салянованын тарапташы Жамиля Бейшенбаева ачууланып, “Фейсбуктагы” баракчасына мындай деп жазды: “Это уже издевательство не только над Саляновой, но и над людьми, журналистами, пришедшими в суд! Было назначено в 10 ч. утра, сейчас 15-40. И такое безобразие — в праздник! Кто это всё намеренно затягивает — Орозонор кабыл болбойт!”

Чын эле? Бу эмне деген шылдың? Ушул кылгандары туурабы? Соттун ушундайынан эле алардын кандай иш алып барып жатканын билсе болот. Ушунча күттүргөнгө жараша бүгүн Аида Салянованын баш коргоо чарасын калыс карап, үйүнө бошотсун деп тилек кылып туралы.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.