ТҮЛЕЕВ: “Атамбаев шайлоодо 500 миң доллар карыз алган, кийин сурасам камап салды”

ТҮЛЕЕВ: “Атамбаев шайлоодо 500 миң доллар карыз алган, кийин сурасам камап салды”

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаевге шайлоо өнөктүгүнө деп 500 миң доллар карыз бергенин билдирди. Бул тууралуу анын Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин кароо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссияга жолдогон билдирүүсүндө жазылган.

Кайрылууну комиссиянын бүгүнкү жыйынында экс-мэрдин кызы Назгүл Түлеева окуп берди. Анда кайсыл шайлоо тууралуу сөз болуп жатканы ачык жазылган эмес. Бирок Атамбаев андан 2007-2008-жылдары эле карызга акча сураганы белгиленген. Түлеевдин айтымында, кийин Атамбаевден ошол карызын доолаганда, анын ага карата мамилеси кескин өзгөрүп, көп өтпөй ал камакка алынган.

Азырынча Алмазбек Атамбаев менен анын өкүлдөрү Түлеевдин бул айыптоосу боюнча пикирлерин билдирише элек.

Нариман Түлеев Бишкек шаарын 2008-2010-жылдары башкарган. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда төрт жыл камакта жатып, бир катар ири бизнес-объектилеринен кол жууган.

Шайлоо учурунда Атамбаевдин кимдир бирөөдөн карыз акча алганы боюнча парламенттен депутат Канатбек Исаев айтып чыккан эле. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.