Эртеңден баштап, бир айга Төө-Ашуу жабылат! Эмнеге?

Эртеңден баштап, бир айга Төө-Ашуу жабылат! Эмнеге?

Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, 8-августтан 5-сентябрга чейин Төө-Ашуудагы (Бишкек-Ош автожолундагы) К. Кѳлбаев атындагы туннель жабылат. Ага себеп — желдетүү системасын оңдоо боюнча профилактикалык иштер жүрүүсү болгон. Ошого байланыштуу эртеңден баштап транспорттун өтүшүнө ылайыкталган график түзүлгөн. Ал төмөндөгүдөй:

08:00-09:30 – оңдоо иштери (жабык);

9:30-14:00 – Транспорт каражаттары ѳткѳрүү (ачык);

14:00-15:30 –оңдоо иштери (жабык);

15:30-08:00 – Транспорт каражаттарын өткөрүү (ачык).

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.