Укук коргоочу Турсунбек Акун 60 жашка жайында (18-июлда) толгон. Бүгүн, 16-ноябрда 60 жылдык мааракесине арналган иш-чара Бишкектеги “Парк Отелде” өтүп, ага көрүнүктүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, академик, профессорлор барып, куттукташты. Уюшулган иш-чарага барган КРнын президентине караштуу Башкаруу акедемиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев президенттин кеңешчиси Султан Раевдин президент Сооронбай Шариповичтин (бүгүн президенттин да туулган күнү эмеспи — авт.) белегин тапшырып, сүйлөгөн сөзүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Анда профессор: “Султан Раев президенттин атынан куттуктоо сөзүн айтып, президенттин белеги — кол саатын тапшырды! Султандын сөзүндө бир укмуш нерсе айтылды. “Турсунбек АкУн эмес, Турсунбек Ак Үн, акыйкаттын, чындыктын, калыстыктын үнү”,- дегенди айтты.
Дагы бир нерсе: Тукемдин өз аты — Базисбек, өз атасынын аты — Кыйтыбек экен.
Анда, урматтуу Базисбек Кыйтыбекович, 60 жылдык торколуу тоюңуз менен куттуктайбыз! Бар бол, кем болбо, досум!”,-деп жазды.
Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин Турсунбек Акун жөнүндө жазганында бир эскермеси бар. Анда ал: “Турсунбек Акундун туулган жери Лейлек ооданы, Кулунду айылы. Атасы мугалим, атасынын Акун аттуу агасынын бакма уулу. Ал ошо кишинин колунда тарбия алып, фамилиясы да ошондон улам Акун болуп калган. Теңир-Тоодо өстү. Азан чакырып коюлган аты Базисбек”,-деп жазганы бар.
Биз дагы куттуктоолорго кошулуп, Турсунбек Акун агабызды 60 жылдык торколуу тою менен куттуктайбыз.
Эрзат МЫРЗА