Депутат Ирина Карамушкина Райым Матраимов үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткенин өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына кечээ жазган. Ага кесиптеши Искендер Матраимов да “Фейсбук” баракчасы аркылуу жооп берди.
Анда ал: “Кесиптешим Ирина Карамушкина «Райымбек Матраимов үй-бүлөсүн алып, Кыргызстандан чыгып кетти”,- деген жалган маалымат таратты. Бүгүнкү күндө биздин үй-бүлөгө карата, каалагандай жалааны жабыштыра берсе болот деп жатышат окшойт. Анын айткан сөзү калп экенин билдирем”,-деп жазган И.Матраимов.
Ошондо кимиси калп айтты: Ирина Карамушкинабы же Искендер Матраимовбу? Сиз кимисине ишенесиз?
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы
Экоо тен калпычы, татыктуу адамдар эмес.