Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алар коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатта ӨКМ министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача төмөндөгүдөй маалымат таратты:
— 5-апрелде өлкө боюнча 752 010 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды;
— жалпысынан 12077 орундук даярдалган;
— обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат;
— өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орноштурулган;
— 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7070 чалуу катталып, анын ичинен 528 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, 3172 максатсыз чалуулар болгон;
— өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 459 куткаруучу жана 119 унаа тартылган.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы