Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин бүгүнкү 10-апрелге карата брифингдеги маалыматына караганда, коронавирус дагы 18 адамдан табылып, Ноокаттагы аймактык ооруканадагы 87 жаштагы карыя каза болгон.
18 адамдын алтоо Бишкекте, Чүй облусунда сегиз, Жалал-Абад облусунда үчөө, Ысык-Көл облусунда бирөө. Жетөө аял, он бири эркек. Жаңы катталгандардын бешөө — дарыгерлер. Ошентип, өлкө боюнча жалпы саны 298ге жетти.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы
One thought on “Коронавирус дагы 18 адамдан табылып, бирөө каза болду. Жалпы саны 298ге жетти”