Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстанга 36 миллион евро бөлмөй болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Азаттыкка” билдирген.
Өкүлчүлүктүн айтымында, Кыргызстан коронавируска каршы күрөшкөн аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн каражат бермей болгон. Алынган каражат макрофинансылык туруктуулукту, социалдык коргоону, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, саламаттык сактоо тармагына, кризис-менежментке жана жеке секторго жардам берүүгө жумшалат.
36 миллион евро грант түрүндө берилет, анын 30,8 миллион евросу бюджеттин тартыштыгын азайтуу үчүн казыналыкка которулат. ЕБ 6 жыл ичинде Кыргызстанга 263 миллион евро берди.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков менен Өкмөт бир топ мамлекеттен, эл аралык финансылык мекемеден коронавируска карата жардам сурап кайрылган.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы