Бүгүн, 11-октябрда, экс-депутат Равшан Жээнбеков да кармалып, ИИМдин тергөө кызматына алынып келинген. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Алардын айтымында, ал Бишкек шаарындагы кафелердин биринен кармалган. Ага «Ала-Тоо» аянтындагы башаламандыктар боюнча иш козголгон.
Эске салсак, Ала-Тоо аянтындагы кечээги башаламандык фактылары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, атайын экспертиза дайындалып, Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде кылмыш иши ачылган.
Белгилей кетсек, Р.Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, эртең мененки саат 10:00го УКМКга күбө катары суракка чакырылганын, бир нече суроодон кийин кое беришкендиктерин Facebook баракчасына жазган.
Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылы декабрда камакка алынып, Бишкектеги №1 тергөө абакта болчу. 5-октябрдан 6сына караган түнү митинчилер тарабынан ал жана аны менен кошо бир топ саясатчылар: Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров, Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Албек Ибраимов, Фарид Ниязов түрмөдөн бошотулган. Булардын арасынан Атамбаев менен Ниязов кармалып, кайра абакка отургузулган. Калганы изделип жатканы маалымдалган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы