Бул тууралуу «Спутник» жазып чыкты. Аларга Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирген.
Аталган соттун маалымат кызматынын айтымында, Тилек Матраимов облустук сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылган. Анын арызы 13-октябрда каралып, баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.
Эске сала кетсек, 6-октябрда Тилек Матраимов жана анын туугандары кыргыз-өзбек чек арасынан кармалган. Өзбек тарап аны Кыргызстанга 9-октябрда өткөрүп берген. Ал чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси менен айыпталып, Ош шаардык сотунда баш коргоо чарасы каралып, бир айга УКМК тергөө абагына камалган болчу.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы