Президенттин жарлыгы менен Кеңешбек Дүйшөбаев кызматка барды

Президенттин жарлыгы менен Кеңешбек Дүйшөбаев кызматка барды

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалганы тууралуу бүгүн, 15-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, К.Дүйшөбаевди Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындоо тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Коопсуздук кеңешин 2018-жылдан бери жетектеп келген Дамир Сагынбаев президент жарлыгы менен 10-октябрда кызматынан бошотулган. 5-6-октябрдагы тополоңдон кийин Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып турган орун басары Өмүрбек Суваналиев да 10-октябрда кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, Аскар Акаевдин бийлигинде Кеңешбек Дүйшөбаев УКМК жетекчиси болгон. 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкарган.

Ой, ким бул ой?

Кеңешбек Дүйшөбаевдин таржымалына токтоло кетсек, ал Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Боролдой айылында 1957-жылы туулган. Милициянын генерал-майору. Милициянын отличниги. Бир топ медалдар менен сыйланган. Жогорку билимдүү. СССР ИИМнин Караганды жогорку мектебин (1978) жана СССР ИИМнин академиясын (1987) бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1978-жылы Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү;
  • 1979–85-ж.ж. ИИМдин тергөө башкармалыгында тергөөчү, улук тергөөчү;
  • 1987–93-ж.ж. Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
  • 1993–97-ж.ж. Ысык-Көл шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниги;
  • 1997–2000-ж.ж. ИИМдин Башкы штабынын начальниги;
  • 2000–2001-ж.ж. Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;
  • 2001–2002-ж.ж. ИИМдин орун басары, министрдин милдетин аткаруучу;
  • 2002–2004-ж.ж. Бишкек ШИИБнин начальниги, ИИМдин министринин орун басары;
  • 2005-жылдын 23–25-мартында ИИМдин министри болуп иштеген;
  • 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкарган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.