Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө эскертилди

Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө эскертилди

«Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ишканасы элге кайрылып, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Анда 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгили электр тармагындагы дефициттен улам катаал болору айтылган.

Апрель айында болсо, президент Садыр Жапаров электр энергиясына тарифти көтөрүүнү сунуш кылган. Жаңы тариф саясаты августка чейин коомдук талкууга коюлуп, чечим кабыл алына тургандыгы айтылган. Учурда Кыргызстанда элге электр энергиясы 1 кВт саат үчүн 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилип жатат. Жаңы тариф ишке кирсе, аз камсыз болгон 200 миңден ашык үй-бүлөдөн башка керектөөчүлөргө электр жарыгынын баасы азыркыдан эки эсе кымбаттайт.

Сунушталып жаткан жаңы тарифтик саясат боюнча калк 3 категорияга бөлүнөт:

1. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 1 кВт саат – 74 тыйын;

2. Тоолуу аймактардын жашоочуларына 1 кВт саат – 1 сом 4 тыйын;

3. Жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөргө 1 кВт саат – 1 сом 48 тыйын болот.

Бирок, кыш мезгилинде жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөр 1000 кВт сааттан ашып кетсе, 2 сом 29 тыйындан төлөп, калган эки категориядагы керектөөчүлөргө да мурунку 700 кВт саат чектөө алынат. Учурда бул чектөөдөн ашкандан кийин 2 сом 16 тыйындан төлөп жатабыз.

Биз жылына өзүбүз орто эсеп менен 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрөбүз. Өзүбүздүн электр жарыгыбыз жетпей калган жылдары коңшу Казакстан менен Өзбекстандан сатып алып келебиз.

Учурдагы ушул 2021-жылга электр энергиясынын таңкыстыгы 3 млрд. кВт саат деп эсептелген. Азыр биз Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат сатып алып жатабыз. Аны, расмий маалыматтар боюнча, үч жыл ичинде бөлүп-бөлүп кайра электр энергиясы менен кутулуу каралган.

Ал эми өзүбүздүн ГЭСтен чыгып, ар бир үйгө колдонууга жеткенге чейинки электр жарыгынын чыгым наркы расмий 2 сом 29 тыйын деп эсептелгенин энергетика министри Кубанычбек Турдубаев 22-апрелдеги басма сөз жыйынында айткан эле. Министрдин ошондогу түшүндүрмөсү боюнча, буга чейин электр тарифин экономикалык эмес, саясий маселеге айлантып алганыбыздан учурда энергетика тармагы каатчылыкка тушугуп турат, андыктан “тарифти көтөрүү – кризистен чыгуунун жолдорунун бири”. Анан мурдагы тарифтерде сырттан алып келген электр чыгымы эске алынбай келген. Жарыктын бизге жеткенге чейинки айтылган чыгым наркы 2 сом 29 тыйын болушу — бул 2022-жылдын жалпы чыгымдары. Бул суммага ички-сырткы бардык чыгымдар киргизилген. Кыскасы, жаӊы тариф боюнча жеӊилдиктер бир гана аз камсыз үй-бүлөлөргө болот: алар жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөргө каралган 1 кВт саат – 1 сом 48 тыйындын жарымын — 74 тыйындан төлөшөт. Начар шартта жашагандар санын, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына таянып Энергетика жана өнөр жай министрлиги 110 миң үй-бүлө бар деп көрсөткөн. Расмий маалыматтар боюнча тоолуу аймактарда 187 миң абонент жашайт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин тастыктоосу боюнча начар шартта жашагандар саны 110 миң үй-бүлө болушу канчалык так, аны айтуу кыйын. Менимче, Кыргызстанда жакыр жашагандар саны андан да көп… Кыйла көп…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Кыргызстандыктарга электр энергиясын үнөмдөө эскертилди

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.