ВИДЕО — Эрнистин эскерүүсүндө Жыргалбек Касаболотовду кимдер, эмнеге издешти эле?

ВИДЕО — Эрнистин эскерүүсүндө Жыргалбек Касаболотовду кимдер, эмнеге издешти эле?

Белгилүү акын, котормочу, журналист, аналитик Жыргалбек Касаболотов эне тилибизди сүйгөн, мекенибизге күйгөн, сөз баккан инсан. Ал, мекен кызыкчылыгындагы кандай маселе болбосун, айрым «жармач патриоттор» сындуу кумга башын тыгып отурбайт, дароо позициясын билдирип, сын-пикирин байма-бай жазып келет. Ошон үчүн коомчулук аны жакшы көрүп, жазгандарын кууп окуйт, айткандарын муюп уккусу келет. Бул факт. Мына, 25-апрелди эле мисалга алайын, Эрнистин эскерүүсүндө көпчүлүк тааныштар Жыргалбекти сурашты, «Эмнеге келген жок, чакырган жок белеӊ?» деп. Ар кайсы аймактан келген группалаш, курсташтары да издеп, жубайы Бактыгүлдү да сурашыптыр. Алар:

  1. Жунушалиева Гүлгаакы (Бишкек);
  2. Акматова Таңсык (Бишкек);
  3. Жакыпбекова Аида (Бишкек);
  4. Шамшиева Бермет (Бишкек);
  5. Макешова Эгнара (Бишкек);
  6. Ажималиева Асел (Бишкек);
  7. Абдылдаева Жылдыз (Бишкек);
  8. Молдарынова Алмагүл (Нарын),
  9. Султанова Кайыркүл (Кемин),
  10. Рыспаева Элмира (Ысык-Көл);
  11. Султанбекова Аида (Ысык-Көл);
  12. Макишова Марина (Кара-Балта;
  13. Осмоналиева Гүлзар (Кара-Балта);

Чын ниети, жүрөгү менен Эрнистин рухуна сый көрсөтүп эскерүүгө келип, китеп сатып алып, кошумча бергендердин тизмесин Гүлгаакы Жунушалиева берип, Моквадагы Байтерекова Жеӊишкүл менен Караколдогу Акидеева Замира келе албай калганы менен кошумчасын салып жибергендерин айтты. Жүрөктү жылыткан, сындап эмес, чындап келген, Эрнистин арбагын ыраазы кылып кеткен алтындай  кыздарга башымды ийип, таазим кылам. Бар болгула, жакшы адамдар!

Ушул алтын кыздар Жыргалбек Касаболотовду, жубайы Бактыгүлдү да сурап, издешиптир. «Студент кезде Эрнис менен Жыргалбек жакшы достордон эле,  группалаштардын атынан Жыргалбек сахнада сүйлөсө болмок» дешиптир…

Кечээги кымча белдүү кыздар, бүгүнкү асыл энелер, мен Эрнистин эскерүү кечесин өткөргөнү жатканымды эӊ биринчи Жыргалбекке билдиргем. «Эрнис аманат калтырып кетти эле,  «Жыргалбектин орус тилинде да тили жатык, орусча ырларымды окуп берет» деп. 25-апрелде Филармонияга келип ырын окуп бере аласыӊбы?» деп Вотсаптан жазгам. Жыргалбек Түркияда экенин айтып: «Сага рахмат, Даостун элесин өчүрбөй эстеп жүрөсүӊ. Өмүрлүү бол! Бара албайм го, кеӊеше турган нерсе болсо, ушул жерден кеӊеше бер» деп жазган. Анан Эрнистин бир топ ырын салып, «бирин тандап алаарсыӊ» десем, окуп видео кылып салып жибериптир. Ал сахнадагы экрандан кетмек, Высоцкийдин Эрнис которгон «Азоо аттар», «Карышкырга аӊчылык, карышкырга» аттуу ырлары да ырдалмак эле, бирок эскерүү убактысы 3 саатка узарып кеткендигине байланыштуу программа кыскартылып кетти.

Жыргалбек окуган ыр Эрнис өзү түзүп кеткен Ютубдагы «Алакан TVга» жайгаштырылган. Ал төмөндө:

Түркияда болсо да Эрнистин аманатын аткарган Жыргалбекке тереӊ ыраазычылык билдирем. Бактыгүл экөөнө чакыруу жибергем. Жыргалбек: «Назира, кандайсыӊ? Эскерүүнү жакшы өткөрүп алдыӊарбы? Эскерүү болгон күнү таенебиздин кайтыш болгон күнү болчу. Бир туугандар куран окутканбыз, ошого Бактыгүл бара албай калды. Сага рахмат, Даос ыраазы болсун!» деп жазган.

Жыргалбектин апасы жана белеги…

Бактыгүлгө жолугуп, Эрнистин»Каалгасын» бердим, Эрнистин эскерилгенине кубанганын айтып, ыраазычылык билдирди. Мыкты жубайлардын куттуу үйүнө «Алакан» сайтыбызды бекер эле жасап берген, Эрнис жакшы көргөн, сыйлап-урматтаган акын, котормочу Марат Токоев менен капысынан эле барып калгам. Кетип жатканда Бактыгүл Эрниске салам айтып, башыма ак жоолук салып, Эрниске ак калпагын берип, «Бактылуу болуп, узак өмүр сүргүлө» десе, Жыргалбек Евгений Криницындин «Акулы интервью»деген китепти белек кылды эле…

Эрниске айтып барсам, «Бактыгүл ушактан алыс, ар бир ишке калыс, түшүнүктүү, жаркылдаган жакшы жар. Экөөнүн баш кошконуна күбө болгом. Жыкем китеп берсе, демек, сен ага жагыпсыӊ, ал оӊой менен мендей болуп адамга ачылып сүйлөбөйт. Жыкем кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы сүрөтчү-прикладник, кол өнөрчүлөрдүн “Кыял” республикалык бирикмесин түзүүчүлөрдүн бири болгон Кыргыз Эл сүрөтчүсү, акын Шакен Мамбетаипова эжебиздин баласы. Билесиӊби?» деп текчеде турган китептеринин арасынан «Көл боюна жүз келем» деген китепти сууруп чыгып, «эжебиздин ырлары да эми укмуш, окусаӊ» деп сунган эле. Сүрөтчү экенин билчүмүн, бирок, ыр жазаарын билбепмин. Чынында эле мыкты экен, таасирлендим. Төмөндөгү ырын Жыргалбекке арнаганбы дейм:

Шакен МАМБЕТАИПОВА: «Улай бер ушул жолуӊду»

Жүрүшүӊ, балам, калыбет,

Жүрөгүм ага каниет.

Ошого болбой айтсам деп,

Ойлорду камдайм ариет.

 

 Анткени эне жүрөгү —

Ар дайым мээрим түнөгү.

Маа келген кырсык балама,

Болбосо деген тилеги

 

Жаштыктын жалын илеби —

Жашоонун башкы тиреги.

Өмүргө жаркып турса дейм,

Өзүмдөн өнгөн гүл өӊү.

 

Салмактуу ар бир сүйлөмүӊ,

Сапырбай көргөн-билгениӊ

Омоктуу болсо ар сөзүӊ,

Ошону баалайт кимде-ким.

 

Негизги сенин деӊгээлиӊ —

Эринбей кылган эмгегин.

Ар иштин майын чыгарып,

Ак дилден иштеп бергениӊ.

 

Келбетиӊ элди каратып,

Келесиӊ өсүп жарашып,

Кынтыксыз москоол мүчөӊдү,

Кыздардын көзү талашып.

 

Эмдиги тилек ойдогу —

Эркектин жары — оӊ колу.

Азгырык чыгып жолуӊдан,

Адашпай өтсөӊ болгону.

 

Сыртынан сулуу кыйла адам,

Сырдашат аста сыйлаган.

Жез тапан далай кыздар бар,

Жетсе эле сермейт буйладан.

 

Жүрүмүӊ жакшы жүрүшпөй,

Сүйлөшүп сырын билишпей

Капыстан башын кошкондор,

Ажырап кетет бирикпей.

 

Ачылып жолуӊ ак болуп,

Жакшыны алсаӊ бак конуп,

Жаманга калсаӊ жанашып,

Өмүрү өчпөйт так болуп.

 

Иштээрман болсоӊ калыбет,

Ичимден кылып каниет.

Оюмдун четин чыгардым,

Ойлонуп өссүн дагы деп.

Эрнисиме миӊ мертебе ыраазымын, Шакен эжебиздин ырларын мага белек кылганы үчүн. Эжебиздин ар бир ыры ойго салат. Жакында эжебиздин ырларынан сайтка беребиз.

«Теӊ карыгыла»

Апасынын сөзүн кулагына күмүш сырга кылган Жыргалбек жакшы жарга туш болгонун Бактыгүлдүн мамилесинен, сүйлөгөн сөзүнөн билинет. «Азаматтын ак таӊы — алган жары, өмүрүн улап турган балдары» дегендей, жарына, балдарына, өзүнө узун өмүр каалайм. Салт-санааны, парзды жакшы билген, башкаларга үлгү болгон үй-бүлө.

Жыргалбек психолог дагы экен. Депрессияга түшүп калганымда четте карап турган жок. «Тигини кыл, муну кыл» деп депрессиядан чыгара турган кеӊештерин берип турду. «Даос мындайды каалабайт, мага дагы сенин ден соолугуӊ керек. Андан көрө, Эрнистин аткарылбай калган аманатын аткарсаӊ жеӊилдеп каласыӊ. Ал үчүн сен ден соолукта болушуӊ керек» деп жатты. Жараланган жүрөккө мындай жылуу мамиле менен жакшы сөз чоӊ дары болот экен. Депрессиядан чыгуума Жыргалбек чоӊ жардам бергенин Бактыгүлгө айтып, «Теӊ карыгыла! Чоӊ апаларыбыз айткан ушул сөздө чоӊ философия бар экенин эми түшүндүм», — дедим…

Эрнис АСЕК уулу: «Курманжан датканын атасынын ролун аткарган актер жакты»

Жогорудагы Эрнис менен Жыргалбектин группалаш, курсташтарынын арасынан Эгнара Макешованы тааныйт экем. Ал «Баягы Асаба» чыгып жаткан кезде редакцияга келип, «Орусиядагы атайын кабарчы» деген күбөлүктү Эрнистин колунан алып кеткен эле. Бирок эч нерсе жазган эмес.  «Эгнаранын дайыны чыкпай кетти да, эмне болду экен? Жакшы жетип алды бекен?» деп Эрнис сар-санаа болгон… Чет өлкөдөгү атайын кабарчылар ал жактагы кыйналган кыргыздарды жазып турса, проблемасын чечип бергенге жардам кылат элек дечү Эрнис…

Гүлгаакы Жунушалиева менен да Эрнис тааныштырып, Томскидеги студент кызы Касиет Русланованы атайын кабарчы кылып, жаздырган. Касиеттин атасы, Гүлгаакынын жолдошу, мыкты актер Руслан Курманалиевди сыртынан тааныганым менен жакындан таанычу эмесмин. Маданияттын мыкты кызматкери Руслан менен да Эрнис аркылуу таанышып, куттуу үйүндө болгонбуз. Ошол учурда «Курманжан датка» тасмасы талкууланып жаткан кез эле. Ал кино тууралуу Руслан Эрнистин пикирин сурап калды. «Курманжан датканын атасы Маматбайдын ролун аткарган актер гана жакты, мыкты аткарыптыр» деп Русланды айтып атпайбы. Баарыбыз күлдүк. А чынында Эрнис: «Мыкты актер, мыкты үчүн бир топ кинолорго, рекламаларга чакырылып тартылып жатпайбы. Бирок, Русланды мыкты кылган Гүлгаакы. Анткени алар аябай эле кыйын турмушту башынан кечиришкен. Бирок, анын бирин билгизбей, турмуштун арабасын ынтымак менен чогуу тартып кетишти. Гүлгаакы жакшы окуган» деп сыймыктанып калаар эле. Руслан да ошол жолугушуубузда: «Эрнис илгертен эле жөө басканды жактырчу. Болбосо, агезде Эрнисте баары бар болчу. Үстүндө үйү, алдында машинасы, чөнтөгүндө акчасы, кызматы бар эле. Ошондой болсо да жолугушууга жөө келчү. Анда биз: «Кандай адамдар троллейбуска түшөт?»деп жүргөн кез эле да», — деген.

Эрнистин аманатын («Периштеӊ» аттуу ырын эскерүүдө элдин жүрөгүнө жеткире айтып, көрүүчүлөрдү ыйлаткан) аткарган, убактысы жок болсо да, убакыт таап жолугуп, кеп-кеӊешин берип, «Баары жакшы болот» деп моралдык колдоо көрсөткөн Русланга, группалаш, курсташтарын Эрнистин эскерүүсүнө чакырып, уюштурган Гүлгаакыга тереӊ ыраазычылык билдирем.

Эрнис АСЕК уулу: «Мен бармын»

Башат

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.

Күтпө. Күткүн. Толгонгун.

“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,

мен боломун жана бармын, болгонмун»

деп «Каалга» китебинде жазгандай, Эрнис биз үчүн бар. Дегеним, байым сиздерге окшогон алтын группалаш, курсташтарынын жана журналисттердин, акындардын, таанып-билгендердин эскерүүлөрүндө, китептеринде, ырларында жашайт.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Жакында Жылдыз Турпанованын эскерүүсүн окуй аласыздар. Эскерүү алгач сайтка жарыяланып, кийин Эрнис АСЕК уулу аттуу китепке кирет.

Жыргалбек Касаболотовдун эскерүүсүн окуйм десеӊиз, бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыӊыз. Гүлгаакы Жунушалиеванын эскерүүсүн бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Эскерүүнү saalnaz@list.ru эл. почтасына жиберсеӊиздер болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.