Акин Токталиев Садыр Жапаров менен Галина Байтеректи сотко берди

Акин Токталиев Садыр Жапаров менен Галина Байтеректи сотко берди

Биринчи май райондук соту Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы башчысы Акин Токтоналиевдин президент Садыр Жапаровго жана анын мурдагы маалымат катчысы Галина Байтерекке каршы доо арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Акин Токталиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагалык кызматынан негизсиз бошотулганын баса белгилеп, «Кызматтан алганда президент менен ошол кездеги басма сөз катчысы (ред. Галина Байтерек) мени экстремистке теңеп коюшкан», — деп, алар ушул сөзү үчүн андан кечирим суроону, 100 миллион сом доо өндүрүүнү талап кылууда.

Белгилей кетсек, Акин Токталиев арыз менен Биринчи май райондук сотко 8-июлда кайрылган. Бирок доо берүүдөгү кемчиликтерден улам арыз 12-июлда артка кайтарылган. Эртеси Токталиев арызын толуктап, кайра сотко бергенин билдирди.

Президенттик администрация жана Галина Байтерек азырынча комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров абакта отурганда адвокаты болгон Акин Токталиев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы кызматына 2020-жылдын 13-ноябрында дайындалып, 2021-жылдын 9-февралында бошотулган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.