Көлгө 31 жаштагы жигит чөгүп кетип, жансыз денеси табылды

Көлгө 31 жаштагы жигит чөгүп кетип, жансыз денеси табылды
Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарындагы көл жээгинен 1990-ж. туулган К.Т. аттуу бала чөгүп кетип, жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 12-июлда, саат 16:34тө болгон. 31 жаштагы жигитти издөөгө Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 5 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 2 суучул тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан таап ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.