Аксыдагы сел 6 адамдын өмүрүн алды. Бир кыз, бир бала дайынсыз болууда…

Аксыдагы сел 6 адамдын өмүрүн алды. Бир кыз, бир бала дайынсыз болууда…
ӨКМ басма сөз кызматы бүгүн, 13-июлда, таӊкы саат 06:55те Аксыдагы сел боюнча маалымат берди.
Маалыматка караганда, кечээ, 12-июлда, саат 18:00 чамасында катуу жаап өткөн жамгыр кесепетинен Жаңы-Жол айыл аймагында Жаңы-Жол айылында 2 турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен.
Андан тышкары, адам курмандыктары да катталып, Таштак айылында 2016-ж.туулган К.А. аттуу баланы, Ак-Жол айыл аймагында Жолборсту айылында ички чарбалык жолдорду каптап, көпүрөлөрдү бузуп кеткенден тышкары 2018-ж.туулган Т.Ф. аттуу кызды агызып кетип, дайынсыз болууда. Аларды издөө иштери улантылууда.
Жалпысынан тилсиз жоо 8 адамды агызып кетип, 6 адамдын жансыз денелери саат 23:40 чамасында табылган. Маркумдардын аты-жөнү такталууда.
Жакындарынан айрылгандарга тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, сабыр тилейбиз.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.