ВИДЕО — Селде агып кеткен 3 жаштагы кыздын сөөгү табылды. 5 жаштагы бала изделүүдө…

ВИДЕО — Селде агып кеткен 3 жаштагы кыздын сөөгү табылды. 5 жаштагы бала изделүүдө…

Аксыдагы сел агызып кеткен наристе кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда, ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн саат 10:30да Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында сел агызып кеткен 2018-ж.туулган Ф.Т. аттуу 3 жаштагы кыздын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Эске сала кетсек, 12-июлда, саат 18:00 чамасында Аксыда катуу жаап өткөн жамгыр кесепетинен сел каптап, 8 адамды агызып кеткен. Тилекке каршы, катуу кирген селден агып кеткендердин бири да аман калган эмес. Жансыз денелери табылган 6 адам бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Эки кичкентай баланын дайыны билинбей жаткан болчу…

Учурда 2016-ж.туулган К.А. аттуу 5 жаштагы баланы издөө иштери уланууда жана ага 15 куткаруучу, Аксы райондук РИИБден 7 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам катышып жатат.

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине селден каза болгондордун жакындарына, жабыркагандарда жардам берүүнү тапшырып, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев табигый кырсыктан жабыркагандарга көңүл айтып, кайрылуу жасады:

«Алакан» маалымат сайты селдин айынан бир учурда апасы, эки кызы, карындашы, эки жээнинен ажыраган Нурбек Шайымбековго, жакындарынан айрылган боордошторубузга тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, сабыр тилейбиз. Кайрат кылыӊыздар…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.