МАЕК — Үсөн СЫДЫКОВ: «Данияр Үсөнов менен Акылбек Жапаровду көздөштүргөм…»

МАЕК — Үсөн СЫДЫКОВ: «Данияр Үсөнов менен Акылбек Жапаровду көздөштүргөм…»

Мамлекеттик ишмер, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси, кеӊешчиси Үсөн Сыдыков кечээ, 28-июлда, 78 жашында каза болуп, сөөгү бүгүн, 29-июлда, «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров, ЖК спикери Талант Мамытов, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысы Артем Новиков, мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана айрым ЖК депутаттары барышты.

2007-жылы, андагы президент Курманбек Бакиевдин мамлекеттик кеңешчиси болуп турганда, «КРнын айыл чарбасына эмгек сиӊирген кызматкер» наамын алганда үй-бүлөсү тууралуу «Бишкек таймс» гезитине маек курганбыз. Жубайы Уулкан Сыдыковага 1967-жылы баш кошуп, бир уул, эки кыз, алты неберелүү болгонун, өзү эгиздин түгөйү экенин, 12 бир туугандан алтоо гана калганын айтып берген эле…

Ошол маекти кайталап берип коюуну туура көрдүк…

Архивден….

— Үсөн Сыдыкович, жакында эле туулган күнүӊүз өтүптүр. Канчанчы жазды тостуӊуз? Артка сереп салып, балалык кезиӊизди айтып берсеӊиз?

— Мен Ноокен районуна караштуу Кыла айылында 1943-жылдын 15-мартында туулгам. Быйыл 64-жазды тосуп алдым. Балалык кезиме кылчайсам ата-энебиз он эки балалуу болгон экен, ошончодон аман калганыбыз алтоо. Учурда баарыбыз үйлүү-жайлуу, очор-бачар, бала-чака, неберелибизди кошкондо жүздөйбүз. Атабыз колхоздун башкармасы болуп калгандыктан биздин үй-бүлө көп кыйынчылыкты көргөн жок. Мен 4 жаш кезимде эсимде калган нерсе, биздин үйдө эки чоӊ казанда тамак бышылырылып, көп кишилер келип тамактанышаар эле. Аларды да бир туугандарыбыз экен деп ойлоп жүрсөм, көрсө, биздин үйдөн тамактанышкан колхозчулар экен. Ата-энем ушундай берешен адам болчу. «Кичинеӊде чыйрак, тыкан, айтканыӊды бербеген өжөр, өзүмчүл бала болгонсуӊ» деп айтып калчу апам.

— Бала кездеги мүнөзүӊүз ошол калыбында калдыбы же өзгөрдүбү?

— Адамдагы эӊ жаман сапат: эки жүздүүлүк, кошоматчылык, калп айтуу. «Жаман өзүн мактайт» дегендей болбоюн, менде мындай терс сапаттар жок. Кимдир бирөө башка адамды мага келип жамандаса, аны олтурузуп коюп экинчисин чакыртып, беттештирип, биринин калпын кармап алам.

— Мисалы чоӊдордон кимдерди көздөштүрдүӊүз?

— Данияр Үсөнов менен Акылбек Жапаровду …

— Өзүӊүз сынды кандай кабыл аласыз?

— Иш боюнча так жүргөн кишимин. Андыктан жүргүзгөн ишим боюнча сын-пикир карапоого аракет кылам жана ушул кезге чейин эч кимден катуу сын уга элекмин. Бирок кандайдыр бир деӊгээлде жүйөлүү сын болсо туура эле кабыл алам.

— Жашоодо кемчиликсиз адам болбойт эмеспи. Сиздин кемчилигиӊиз?..

— Муну кемчилдик десек болобу, билбейм. Айтор, айрым учурда кызуу кандуулук кылып, ачууга тез алдырып коем, андай учурларда кыз-бала дебей катуу айтып алам. Жаман көрүп калган кишиме экинчи кайрылбайм.

— Кечиресиз, «кекчил адам» деген сөздөр айтылып жүрөт…

— «Душманыӊды да жүрөгүӊ менен кечире бил!» дегендей, кечиримдүүмүн. Кек сактап, анын артынан сая түшүп, андан өч алуу деген жаман адат менде жок.

— Кимдер менен доссуз, кимдер менен кассыз?

— Көралбастар, ичи тарлар, мени кас деп эсептешсе, эсептешээр. Бирок мен аларды кас деп эсептебейм. Мамилем түз адамдар менен жаш-кары дебей катташам. Курсташтар, классташтар, кесиптештер жана көп үй-бүлө менен катышабыз. Ал эми кан досум — Теӊизбай деген көлдүк жигит. Экөөбүздүн достугубузга 47 жыл болду. «Эки жакшы тоого чыкса кудалашып түшөт, эки жаман тоого чыкса кубалашып түшөт» дегендей, ынак эки дос куда болсок деген ниеттебиз. «Силер небере кызыӊарды биздин небереге бергиле» деп тамашалашып калабыз. Ким билет, балким куда болуп да калаарбыз.

— Чоӊдордун аялы жолдошунун кызматына кийлигишип, пайда көрүп жаткандарын көрүп эле жатабыз. Сиздин жубайыӊыз кызматыӊызга кийлигишеби?

— Көптөгөн жоопкерчиликтүү кызматтарда иштеп келсем дагы байбичем кызматыма кызыгып сурммак түгүл, бир да жолу ишимдин эшигин аттаган эмес. Өз ордун, милдетин жакшы билген жар. «Жакшы жар жолдошун орто, ортону мыкты кылат» дегендей, жубайым мени чыныгы мырза кыла алды. Түтүн булатканыбызга 40 жыл болуптур. Ушул жыл ичинде бир да жолу бырыш шым, жакасы кир көйнөк кийгизген жок. Кийим-кечем дайыма жуулуп, үтүктөлүп шкафта илинип турат. Ишке кетип жатканда, каалаган кийимимди тандап кийип кете берем. Кыскасы, аялзатына тишелүү нерсенин баарын билет. Тамакты түрлөп, даамдуу жасайт. Тапканымдын баары жубайымдын колунда. Үйдөгү «финансы министри» десек да болот. Бардык нерсеги үнөмдөп жеткирип, баарын жайгарып турат.

— Тамакты табитиӊизге жараша жасап берет турбайбы э?

— Негизи мен тамак тандабайм деле, бирок,  лагманды жакшы көрөм. Жегим келгенде байбичеме заказ бергеним бобосо, башка учурда ашканага аралашпайм, кийлигишпейм.

— Сиздер конокко барганды жакшы көрөсүздөрбү же тоскондубу?

— Биздин үйгө майрамдарда эле эмес, жөн жай күндөрү деле коноктор көп келет. Кээде коноктун саны 25-30га жетип калат. «Үйгө канча бут кирсе, ошончо кут кирет» деп кубанып байбичем, келиним кабак-кашым дебей, дасторконду жайнатып, жаркылдап тосуп алышат. Ошондой эле биз да конокто көп болобуз.

— Ичимдикке, тамекиге мамлеӊиз кандай?

— Чылым чекпейм. Ал эми ичимдиктин артынан сая түшпөйм. Той-топурда анча-мынча алып коебуз.

— Чоӊдор бильярдга көп барат экен. Сизчи?

— Бильядды ден соолукка пайдалуу дешет. Бирок мен ага кызыкпайм. Жаш кезде күрөшкө кызыкчумун. Институтта окуп жүргөндө эркин күрөшкө катышкам. Азыр таӊкы алтыда туруп, бир сааттай таза абада басам. Үйгө кирип, жуунуп, тарангандан кийин анан барып үйдөгүлөр ойгонушат.

— Бош убактыӊызда эмне кыласыз?

— Шаар четинде дачабаыз бар. Мал кармайбыз, бир короо кой, байланган аттарыбыз бар. Бош убакта неберелерим менен дачага барып, чарбаны кармайм, атка минем, неберелеримди атка мингенди үйрөтөм. Мал кармаганымдын да себеби бар. Райкомдун секретары болуп тургандымда атам катуу ооруп калды. Байбичем атамды караганы уулум менен кызымды алып айылга кетти. Кызматыма байланыштуу мен убагында бара албай калып, кийинчерээк бардым. Мен барганда атам жакшы болуп сөрүдө жаткан экен. Амандашып. ал-акыбалды сурап жанында олтурсам: «Балам, балдарыӊ ит менен малдын айырмасын билбейт турбайбы»,- деди. Көрсө кооодон кой чыгып келе жатса, кызым менен балам «собака» деп үйгө качып киришкенин байкап калыптыр. Атамдын сөзүн түшүнүп, кийин мал кармай баштадм. Мал чарбаны беш, алты кой-козудан баштап, көбөйтүп алганбыз. Азыр кудайга шүгүр, бодо малдуу болуп калдык. Бош убакта үй-бүлөбүз менен барып бээнин сүтүн, кымыз, айран, сүт ичебиз. Неберелерим орус класста окугандыктан «киргиз» болуп кетпесин деп жер, суу, мал чарба менен таанытып келем. Байбичем да кыймылдуу жан. Эки күндүн биринде дачага барып, сүт алып келип, айран уютуп турат. Айранды абдан жакшы көрөм.

— Байбичеӊиз кайда иштейт?

— Байбичем экөөбүз бир айылданбыз. Педагогикалык кесиптик окуу жайжа окуп жатканда таанышып, баш кошконбуз. 20 жылдан ашуун мугалим болуп иштеди. Анан балдарым менен, азыр неберелерим менен үйдө. Небере карап, тамак-ашты убагында даярдоо, кийим-кечени жөнгө салып туруу да өзүнчө чоӊ кесип эмеспи.

— Өзүӊүз кайсы окуу жайды бүткөнсүз? Эмгек жолуӊузду кайсы жерден баштадыӊыз эле?

— Кайда тапшыраарымды билбей эле шаарга келгем. Жолдошторум Мединститутка тапшырабыз, жүр десе аларга кошулуп барып калдым. Кыдырып жүрүп бир эшикти ачып жиберсем, столдун үстүндө өлүк кишини ак халатчандар тегеректеп турушуптур. Коркуп кетип каалганы жаба салып, кетип калгам. Айыл чарба институтуна тапшырдым. Аны ийгиликтүү аяктап, агроном болдум. Алгачкы эмгек жолум Ноокен районундагы Арал деген совхоздон башталган. Анан армияга кеттим, Волгоградда бир жыл кызмат өтөгөндөн кийин Астраханга которушту. Ал жерден офицердик курсту окуп, офицер болдум. Армиядан келсем мурунку ордумда башка бирөө иштеп жатыптыр. Облусттук башкармалыктын буйругу менен Лейлекке кеттим. Ал жерде кесибим боюнча орун жок болгондуктан экономист болуп иштей баштадым. Экономист кесипти тереӊдетиш керек болуп, Москвага окууга кетип, ийгиликтүү аяктадым. 24 жашымда үйлөнүп. байбичемди алып Лейлекке бардым. Ал жерден бир бала, бир кыздуу болдук.

— Сиз Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиев, Аскар Акаев менен иштешкен адамсыз. Аскар Акаевич менен жакшы мамиледе болуп жүрүп, кийин каршылаш болуп калдыӊыз. Себебин билсек болобу?

— Таза иштеп, түз жүргөнүм үчүн мамлекет башына келгендин баарына жактым. Ырас, башында Аскар Акаевич менен жакшы иштегенбиз. Казакстанда иштеп, казактар менен мамилем жакшы болуп кетти. Аскар Акаевич «Дан азык» акционердик коомуна жетекчи кылды. Мен келгенде казынада эч нерсе жок экен. Ун децифицит болуп, кыргыздын башына кыйынчылык түшүп турган учурда казактардан 20 вагон эгин алып келдим. Ошол эгин берекелүү болуп, элдин эгини бышканга чейин жетти. Анан Америкадан гуманитардык жардамдар келе баштады. Кыргызстан бутунан тура баштаганда Акаевдин үй-бүлөсү «Дан азык» коомун менчиктештирип алды. Ошондон улам оппозицияга өткөм. 1995-жылы депутаттыкка аттанганымда бут тосушту. Аргам кетип, 2000-жылы президенттик шайлоого бара турган болуп калдым. Акырында Акаев чакырып, экөөбүз эки сааттай анын кабинетинде сүйлөшүп олтурдук. Жыйынтыгында мени бир жылдан кийин бир жакшы кызматка алып келе турганын айтты. Ага чейин Москвага жөнөттү, бирок, сөзүнө турган жок.

— Ал ал болуптур. А 2005-жылдагы президенттик шайлоого шансыӊыз бар эле да. Эмнеге ат салышкан жоксуз?

— Жаш туура келбей калды, 60тан аштык дегендей. Жаштардан коелу деп Курманбек Салиевичти тандаганбыз.

— «Үсөн Сыдыков президентке туура эмес кеӊештерди берет» деген кептер бар, угуп жатсаӊыз керек?

— Албетте, угуп жатам. Мындай кептер жаӊылыштык, себеби, Курманбек Салиевич менден кеӊеш сурай турган адам эмес. Ал билимдүү, илимдүү, тажрыйбалуу, дасыгып калган адам. Анда-санда биз берген кеӊешти да кабыл албай, таарынышып калган учурлар болуп калууда.

— Экс-премьер-министр Феликс Кулов тууралуу кандай ойдосуз?

— Феликс Шаршенбаевичти премьерликке татыксыз деп эч ким айталбайт. Ал билимдүү киши, саясатта өзүнүн орду, салмагы бар инсан.

— Түндүк-Түштүк маселесине кандай көз караштасыз?

— Түндүк-Түштүк деп ким бөлсө, ал кыргыздын душманы. Ош, Талас, Чүй, Нарын, Көл деп бөлүнгөндүк бул барып турган майдачылык. Кичинкей кызматтын, байлыктын тегерегиндеги себептер менен урууга, аймактарга бөлүнө берсек, анда элдин турмушун эч качан оӊдой албайбыз. Бизге биримдик, ынтымак керек!

— «Эки аял алуу» маселесине көз карашыӊыз кандай?

— Каршымын. Дүнүйөгө мас болгондор, кыларга иши жок адамдардын жосунсуз жоругу деп ойлойм. Бул турмуштагы «дефект».

— Кечиресиз, сиздин эки аялыӊыз бар дешет го. Чындыкты өз оозуӊуздан уксак…

— Сыртыман тон бычып,ушак жазгандан көрө ушинтип сендей болуп өз оозумдан угуп, тактап жазса болмок. «Эки аялы бар» деп бир гезитке жазылыптыр. Ошондон улам тараган ушак деп ойлойм. «Ошентип жазган журналистти мага тапкылачы, ал экинчи аялымды таап берсин» деп тамашалап, бул болбогон сөзгө аргасыз күлдүм. Экинчи аял алуу турмушумда ойлобогон нерсе. Мен байбичемди абдан сыйлайм. 40 жылдан бери жашап келаткан бир гана аялым бар, ал Уулкан Сыдыкова.

— Байбичеӊизди сулуу дешет го…

— Менин байбичемдин ичи да, тышы да сулуу, акылдуу. Мен ошону менен сыймыктанам.

— Майрамдарда байбичеӊизге кандай белек тартуулайсыз?

— Биздин үй-бүлө чоӊ белектерге маани деле бербейт. Гүл сүйүүнүн, бардык жакшы сезимдердин символу эмеспи. Жаштайымдан эле гүл берип келем. Майрамдарда анда-санда гана акча карматпасам, көбүнесе гүл тартуулайм.

— «Гүл көтөргөн мырзалар романтик болот» дешет. Романтиксизби?

— Антип айтууга деле болбойт го. Жаш-кары дебей, эркектерге деле гүл тартуулашат эмеспи. Маселен, 15-мартта болуп өткөн туулган күнүмдө себет гүлдү көп алдым. Убагында таппай калгандар азыркыга чейин кабинетиме чейин келип белек тартуулап кетишүүдө.

— «Шаардагы кафе-ресторандын, жакшы жердин бардыгы чоӊдордуку» дешет. Сиздин кафе-ресторан, жериӊиз барбы?

— Чоӊ кызматтарда иштесе эле бай деп ойлобош керек. Мен мисалы бирөөнүн байлыгына, бийлигине көз артып, элдин эсеби менен жашаган адам эмесмин. Ар бир адам ак, таза эмгеги менен байыса болот. Мен өмүр бою өзүм маӊдай тер агызып тапкан эмгек менен үй-бүлөлүк бюджетке акча түшүрүп келатам. Бизде чоӊ ресторан жок, бир гана чакан кафебиз бар. Туулган күнүмдү ошол жерден белгиледик. Сокулуктан 100 гектар жерди арендага алгам. Жыл сайын ал жерге эгин эгем. Эгинден 2 млн киреше түшөт. Ал каражат бир жылдык үй-бүлөлүк бюджетке жетет.

— Кудайга ишенимиӊиз кандай?

— Эми биз коммунисттик тарбияда өсүп, тарбияланып атеист болуп калдык да.

— Демек, салт-санаа, ырым-жырымга каршысыз?

— Жок, салт-санаага каршы эмесмин. Рамазан айында, орозодо майрамдайбыз. Байбичем үйдү бат-бат ысырыктап турат. Жумушка баратканда, балдардын жакшы нерсеси болгондо, жаӊы машина мингенде, жаӊы үйгө киргенде аластап турат. «Ак үйдү да ысырыктап келсемби, ыя? Ал жерди шайтан аралап кеткендиктен бат-бат бир нерселер болуп жатканы ошондон»,- деп тамашалап, күлүп калат.

Ырым-жырымды укканда эле түгөйүм Зуура эсиме түшөт. Мен эгиздин түгөйүмүн. Бала кезде Зуура биз менен бирге ойнойт эле. Балалык кылып бирөөнү сөксөк, ал дагы эркекчесинен сөкчү. «Эгиздердин бир башкача касиети болот, шишикти тептиребиз» деп ырымдап, көп адамдар келээр эле. «Мен ишенбейм» деп качсам болбой, кармап келип, эптеп шишикти тептиришчү. А  чынында Зуурада кыргызчылык бар болчу. Мен институтта 1-курста окуп жатканда, баласына алты ай болуп калганда, 19 жашында каза болуп калды. Баласы биздин колубузга 9 жашында келген. Кожейкебиз чоӊойтту. Азыр үйлүү-жайлуу. 40 жаштан ашып калды.

— «Чоӊдор кызмат боюнча көзү ачыктарга көп барып, төлгө ачтырышат экен. Сизчи?

-Байбичем бирөөлөргө эмес, үйдөгүлөргө төлгө салат. Алдын ала бир нерсени сезип, бир нерседен шектенгенде төлгө салса, ал кээде туура чыгып калат, ошого ишенет. Мен төлгөгө көп ишене бербесем да байбичемдин сезгичтик касиетин сыйлайм.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

«Бишкек таймс» гезити, 2007-жыл

«Алакан» маалымат сайты маркум Үсөн Сыдыковдун үй-бүлөсүнө, балдары жана жакындарына көӊүл айтып, сабыр тилейбиз. Кайрат кылыӊыздар…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.