ИМАНКУЛОВ: «Светтик, демократиялык мамлекетти радикалдуу күчтөр бузушуна биз жол бербейбиз!»

ИМАНКУЛОВ: «Светтик, демократиялык мамлекетти радикалдуу күчтөр бузушуна биз жол бербейбиз!»

Бүгүн, 18-августта Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов «Азаттык» радиосунун “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүнө катышып, «Талибан» кыймылы тууралуу пикирин билдирип, светтик, демократиялык, мыйзамдуу мамлекетти радикалдуу күчтөрдүн бузушуна жол берилбей турганын баса белгиледи.

Марат Иманкулов: "Бийлик өткөндөн сабак алыш керек"

Талибан” кыймылы башка мамлекеттерге кол салбай турганын айтканы менен Ооганстанда буга чейин түзүлгөн ири террордук уюмдар ишмердүүлүгүн дале улантууда, андыктан коркунуч ошолордон болушу ыктымал. Кыргыз бийлиги радикалдуу күчтөргө мүмкүнчүлүк бербей турганын, ички да, тышкы да абал кылдат анализденип жатат. “Талибдер бийликти жеңил эле алып алды. Биз да ушундай кылабыз” деп кээ бир эси жоктор шыктанышы мүмкүн. Биз андайга жол бербейбиз. Биз мыйзамдуу демократиялык мамлекетпиз. Мамлекеттик органдар ички да, тышкы да маселелерди кылдат изилдеп жатат.

Жакында эле жаңы Конституция кабыл алдык, эл жаңы мамлекет башчысын шайлап алды. Биз светтик, демократиялык, мыйзамдуу мамлекетти радикалдуу күчтөр бузушуна жол бербейбиз. Андай чоң коркунуч деле жок. Бирин-серин топтор кармалып жатат, бирок кылдат изилдеп турабыз. “Талибан” бул жакка келбей турганын айтууда, бирок Ооганстанда ошолордун жанында жүргөн, лагерь түзүп алган башка да террордук уюмдар жатышат, баягыдай эле машыгуу жүргүзүп жүрүшөт. Мына ошолордун таасири болушу мүмкүн. Алар биздин улуттук коопсуздукка коркунуч жаратпашы үчүн тийиштүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз«,-деп билдирген Марат Иманкулов.

Белгилей кетсек, «Халифат» куруу идеясын жайылткан уюмдар Кыргызстанда экстремисттик жана террористтик деп таанылган. Өлкөдө тыюу салынган уюмдар тизмесинде жыйырмадан ашуун кыймыл жана уюм бар.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “мамлекеттик башкарууга дин аралашпай турганы” жазылган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайсы саясий күч болбосун мыйзамга туура келбеген диний аракети үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Эске сала кетсек, Ооганстандын баш калаасы Кабулга «Талибан» кыймылы 15-августта кирип, басып алып, 20 жылга созулган согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Президент Ашраф Гани болсо качып, Ооганстандан чыгып кетип, азыр анын кайда экени белгисиз. Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех президент Ашрафа Гани качып кеткенден кийин өзүн президенттин милдетин аткаруучу катары жарыялап, кандай гана жагдай болбосун эч качан талибдерге баш ийбей турганын баса белгилеп, элди талибдерге каршы турууга чакырды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.