Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Темир Сариев коркунучтуу кылмышкер эмес, ал жоопкерчиликтен, тергөөдөн качпайт»

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Темир Сариев коркунучтуу кылмышкер эмес, ал жоопкерчиликтен, тергөөдөн качпайт»

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев абактагы экс-премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасы тууралуу пикирин «Азаттыкка» билдирген.

Алардын айтымында, Өмүрбек Чиркешович Темир Аргембаев коркунучтуу кылмышкер эместигин баса белгилеген. «2007-жылы Бакиевдин атайын кызматы аянттагы митингчилерди кууп таратып жаткан учурда Темир Сариев качпастан, аянтта эл менен турган. 2010-жылы Бакиевдин бийлиги оппозицияны кармап, камап жатканын билип турса да, Москвадан келип, өзү УКМКнын колуна түшүп берген. Ал «коркуп качкандан көрө, камалсаң да Кыргызстанда болушум керек» деген көкжал принципти карманган адам. 2017-жылы мен кармалып, камалган учурда да мени колдоп турган. «Кумтөр иши» боюнча далилдерди жок кылып коюуга жана бурмалоого мүмкүн эмес, ал жоопкерчиликтен, тергөөдөн качпайт. Темир Сариевдин бөгөт чарасын карай турган Бишкек шаардык соту бул жагдайларды эске алууга тийиш«,-деп билдирген Ө.Текебаев.
Эске сала кетсек, Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Темир Сариевди УКМК «Кендеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген айып тагып, 3-августта камаган. Баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 4-августта түндө каралып, 30-сентябрга чейин камакта калтырылган. 11-августта 70ке жакын коомдук ишмерлер бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Темир Сариев коркунучтуу кылмышкер эмес, ал жоопкерчиликтен, тергөөдөн качпайт»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.