ИИМ Орусия тапшырган 15 унаа, 2 спринтер эмнеге кызмат кылаарын билдирди

ИИМ Орусия тапшырган 15 унаа, 2 спринтер эмнеге кызмат кылаарын билдирди
ИИМде Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин атынан унаа транспорттору кечээ, 16-сентябрда тапшырылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, иш-чарага ИИМ министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Орусиянын Кыргызстандагы Элчисинин кеңешчи-кичи элчиси Вадим Гусев, РФ ИИМнин Баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Борис Яковченко, РФ Тышкы иштер министрлигинин Жаңы чакырыктар жана коркунучтар маселелери боюнча департаментинин баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык маселелери боюнча бөлүм начальниги Мария Вислогузова, РФ ИИМнин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын бөлүм начальниги Павел Юлин, РФ ИИМнин Кыргызстандагы өкүлү Владимир Лузганов катышкан.
Жалпысынан “Chevrolet Cobalt” үлгүсүндөгү 15 унаа жана “Газель NEXT Автобус” үлгүсүндөгү эки спринтер тапшырылды. Октябрь Урмамбетов конокторго тыгыз кызматташтыгы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, өз ара иштешүүнү өркүндөтүү максатта «Ысык-Көл 2021» учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча кыргыз-орус машыгуулары ийгиликтүү өткөндүгүн баса белгиледи.
Жаңы унаалар ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын техникалык базасын чыңдоого арналган жана ички иштер органдарынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча ишмердүүлүгүн бекемдөөдө, кылмыштын башка түрлөрүн ачууда кызмат кылат.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.